AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Геморройдун алгачкы белгиси: аналдык тешик кычышат

Геморройдун алгачкы белгиси: аналдык тешик кычышат, ооруксунат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Геморрой оорусу тууралуу сөз кылуу ыңгайсыздыкты жаратат. Бирок бул оорудан жабыркагандар аз эмес. Геморройдун себептери, белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-проктолог Эльдар Джангиров айтып берет.

Геморрой – бул түз ичегидеги геморроидик кан тамырларды кеңейтип, сезгентип, акырындык менен түйүндөрдү пайда кылуучу оору.

Геморройду кантип аныктаса болот?

Геморрой узак убакытка чейин калыптанып отуруп пайда болуучу оору. Аны аныктоо кыйынга турбайт. Алгач, көчүк ооруксунуп, кычышып, ыңгайсыздык жаратат. Заңдаган сайын арчынган кагазда өңү ачык кан пайда болот. Ал эми кандын өңү коңур, былжыр же ириң аралаш болсо, демек геморрой башка ооруга өтө баштады.

Бирок анустун канаганы ар дайым эле геморрой дегендик эмес. Ректалдык каноо төмөнкү ооруларда да пайда болот:

  • Аналдык жарака;
  • Түз ичегинин онкологиялык оорусу;
  • Түз ичегинин түшүшү;
  • Колиттер, кандиломалар, полиптер ж.б.

Ар биринин дарылоо ыкмалары бөлөк. Өз маалында аныкталган ооруну дарылоо көйгөй жаратпайт. Башкысы ракты өткөрүп жибербөө керек. Себеби, аны аныктоо татаал, симптомдору башка ооруларга окшош.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Тилекке каршы бизге кайрылган бейтаптардын көбү өтүшүп кеткен учурда гана келишет. Ошондуктан аларды дарылоо узак убакытка созулуп, айрым учурларда операция жасоого туура келет. Биринчи симптомдору (ооруксунуу, дискомфорт, кычышуу) пайда болору менен проктологго кайрылуу зарыл.

Геморрой эмне себептен пайда болот?

Семирүү, запор, узак убакытка чейин туалетте отуруу, оор жүк көтөрүү, кыймылы аз жумушта иштөө, аналдык секс ж.б. геморройдун пайда болуусуна себепкер. Бул оору менен эркектер көбүрөөк ооруйт. Өтүшүп кеткен оору туз ичегинин түшүшүнө алып келет.

Аялдарда — кош бойлуулук жана төрөттөн улам да пайда болот. Бирок аял заты табиятынан көбүрөөк кыймылдашат. Тамакты салыштырмалуу аз ичет, жана ден соолугуна жакшыраак кам көрүп жоопкерчиликтүү болушат.  

Геморройду алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Күнүгө, анан бир эле маалда заңдаш керек;
  • Туалетте кечке отурбаш керек (көпчүлүк туалетке телефонун кошо алып кирип, убакыттын өтүшүн байкабай отура беришет);
  • Күндө өтө муздак эмес суу менен жуунуп, гигиенаны сактоо керек;
  • Көбүрөөк кыймылдап, спорт менен машыгуу керек.

Кандай тамактануу керек?

Өсүмдүк клетчаткасына бай азыктар менен тамактануу зарыл. Алар

  • Кара ундан жасалган нан;
  • Суюк тамак, шорпо;
  • Жер жемиштер, суу май кошулуп жасалган салаттар (майонез эмес);
  • Көбүрөөк суюктук: суу, компот, көк чай ичкенди унутпагыла.

Өз алдынча дарылануу өтө кооптуу

Мага тааныштар телефон чалып “кеңеш берип койчу” деп көп суранышат. Көрбөй туруп айтуу, мүмкүн эмес. Адискөй доктур көрмөйүнчө диагноз коюп, дары жазып бербейт.

Ден соолукта болуңуз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Кызга тарбия берүүдө ата кандай ролду ойнойт? Психолог айтып берет

Кызга тарбия берүүдө ата кандай ролду ойнойт? Психолог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.