AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эшиктеги суук жыныс мүчөгө кандай таасир берет? Уролог айтып берет

Эшиктеги суук жыныс мүчөгө кандай таасир берет? Уролог айтып берет

3 октября, 2021
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
Bilesinbi.kg уролог Нурбек Моноловго мастурбация, эрекция, простатит, жыныс мүчөнүн өлчөмү жана цистит жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алды.
 

1. Уролог болуу уятпы?

Заара ушаткан уятпы? Кучакташкан уятпы? Бала жасаган уятпы? Төрөгөн уятпы? Булар уят эмес, табигий нерселер, туурабы? Ошон үчүн уролог керектүү жана сыйлуу кесип. Балалуу боло албай жатсаңар, бөйрөгүңөр ооруса, урологдордун көйгөйү. Уролог десе эле жыныс мүчөнү элестетишет. Бирок, ал гана эмес, бөйрөк, табарсык, сийдик чыгаруучу каналдар баары урологияга кирет. 

2. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда турбай калса эмне кылуу керек?

Көбүнчө бул көйгөй менен жаш жигиттер кайрылат. Аларды түшүнсө болот. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда нервденип, уялып, өзүн жоготуп коюшу нормалдуу эле көрүнүш. Демек, 99 пайыз психологияга байланыштуу. Буга көп кабатыр болбой эле коюш керек. Экинчи же үчүнчүсүндө өтүп кетет. Өтүп кетпесе урологго кайрылсын. 

3. Айымдар үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүүбү?

Сүйүү деген жыныс мүчө эле эмес. Сүйүү деген эркектин касиети, мүнөзү, аракетчилдиги, мамилеси ж.б. Ушулардын баары кошулуп сүйүү болот. Ал эми жыныс мүчө эң аягында турат. Бул суроо уят кинолорду көрүп алгандан пайда болушу мүмкүн. Ал жакты көрсөң чынында эле көңүлүң түшөт. Бирок, жөн гана кино экенин унутпаш керек, реалдуулук таптакыр башка. Жашоодо 90% эркектин мүчөсү орточо, бирдей эле десек болот. 

4. Ар бир эркек простатит болобу?

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө ар бир экинчи же үчүнчү эркек простатит менен ооруйт. Өнүккөн өлкөлөрдө андай жок, себбеи ал жакта простатитти 95% оору деп эсептебейт. Эч качан антибиотик колдонбош керек. Ошондой эле көпчүлүк эркектер эректилдик дисфункцияны простатит менен алмаштырып, башка эле белгилерди айтып урологдорду адаштырат. Простатит  — бар, бирок ал өтө чоң көйгөй эмес. 

5. Мастурбация бул оорубу?

Мастурбация — бул оору эмес, аны жасабаган оору. Мастурбация сексуалдык тажрыйба, айталы, өсүпүрүм куракта биринчи тажрыйбаны мастурбация жасоодон алышат. Ошондуктан баланын мастурбация жасап жатканын ата-энеси көрүп калса, коркутуп, урушуп, күнөөлөп, стресске алып келип салбаш керек. Бул нормалдуу эле нерсе, эч зыяны жок. 

6. Жумасына жыныстык катнашка канча жолу барыш керек? 

Белгилүү бир норма жок. Баары адамдын темпераментинен жана мүнөзүнөн көз каранды. Кээ бирөөнө күнүнө бир жолу аздык кылат, айрымдарына болсо бир айда бир жолу көптүк кылат. Демек, баары индивидуалдуу. Ооба, жаш кезекте көп жолу болушу мүмкүн, бирок убакыт өткөн сайын сөзсүз азаят.

7. Эшиктеги суук жыныс мүчөгө кандай таасир берет?

Өпкөгө суук тийгенде кандай көйгөй  пайда болсо, жыныс мүчөгө деле ошондой болот. Ал деле шишийт, сезгенет. Бир гана нерсе жумурткалар муздакты жакшы көрөт, дененин температурасынын бир градуска төмөн болуп турат. Бул нерсени билип коюу керек.

8. Зааранын өңү алмашып турушу керекпи?

Заара кызарса же кочкул болсо, дароо урологго чуркап барыш керек. Нормада үч түстө болот. Тунук — сууну нормада ичип жатасыңар. Кичине сары — сууну жетишсиз ичип жатасыңар. Кочкул сары — сууну таптакыр эле аз ичип жатасыңар. 

9. Эркек туалетке барар алдын колун жууш керекпи же чыккандан кийинби?

Барар алдын дагы, чыккандан кийин дагы сөзсүз колду жууш керек. Анан жыныстык катнашка барар алдын колу менен жыныс мүчөсүн жууганды унутпаш керек.

10. Урологго бир жериң ооруса эле барыш керекпи?

Үйлөнөр алдын же жыныстык жашоосу башталганда урологго кайрылып койсо жакшы болот. Ал эми кырк жаштан кийин жылына бир жолу сөзсүз келип туруш керек. Ага чейин профилактика катары көрүнүп турса өзүнө жакшы. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тамакты жакшы жегендер төшөктө мыкты болобу? Сексологго 10 кызыктай суроо

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балык көп жесең көрүүң жакшырат деген чынбы? Офтальмологго 10 кызыктай суроо

Балык көп жесең көрүүң жакшырат деген чынбы? Офтальмологго 10 кызыктай суроо

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.