AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Экинчи күйөөмдүн балдарынан бекитип мага калтырган белеги көз жашымды агызды

Экинчи күйөөмдүн балдарынан бекитип мага калтырган белеги көз жашымды агызды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз бири-бирибиздин кечиккен махабатабыз. Аз, бирок саз жашадык. Болгону 11 жыл чогуу болдук, болгону 11…

Ортобуздагы сүйүүнү элдер гана эмес, ажал дагы көрө албады. Ортобуздагы сый баарын суктандырчу. «Эмнеге мурда кезикпедик?» деп көп айтчубуз. Ишенесиңерби, бир дагы жолу урушкан жокпуз. Көздөрүбүз менен сүйлөшчүбүз.

Менин биринчи турмушумдан эки кызым, анын төрт баласы бар. Кыздарым эбак бой жетип, күйөөгө тийип кетишкен. Мага чалып эле турбаса, балдары менен алек. Анын балдары дагы үй-бүлөлүү, бирок турмушубузга кийлигишип тынчтык беришпеди. 

Күйөөм ушунча кыраакы киши эле. «Булар мен бар эле сага унчукпай жүрүшөт. Кокус бир нерсе болсом, сени үйдөн кууп чыгышат. Аттиң, эркелетип тарбиясынан аксатып алдым» деп кейип калчу. Мен мага эч нерсе кереги жок экенин айтсам, терең үшкүрүп койчу. 

Биринчи күйөөм ичкиликке берилип, бизди таштап кеткен. Кыздарымды күндүн ысык-суугунда соода менен алектенип жүрүп бутуна жалгыз тургузгам. Батирде жашачумун. Кыздарыма деп өзүмө эч нерсе албапмын. Жаш өткөндө өкүнүп калам. 

Бул күйөөм менен кокустан таанышып калдык. Биринчи аялы каза болуп калыптыр. Бири-бирибизди көргөндө эле баш кошо турганыбыз анык болгон.

Колуна бөпөлөп алып бакты. Сүйүүсүнө бөлөдү. Сый көрсөттү. Бул үчүн өмүр бою ыраазымын.

Катуу ооруп төшөккө жатып калды. Турбасын билди окшойт. «Экөөбүз балалуу боло албаганыбызга жана жаш кезде жолукпаганыбызга өкүнөм» деп ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Анан бир юристтин номерин берди. «Мен каза болгондон кийин балдарым сени бул үйдөн кууп чыгат. Аларга таарынба. Жаштык кылып жатышат. Кийин түшүнүп өкүнүшөт. Аларды кечирип кой. Бул юрист сага бир квартиранын ачкычын, документтерин берет. Сага деп атайын алып койгом. Ошол жакка барып жаша. Мени унутпа.»

Жаназасы кантип өткөнүн билбейм. Баары түшүм болуп калса экен дедим. Андай болбоду. Катуу ооруп бейтапканага жатып чыктым. Үйгө келсем буюмдарым сыртта туруптур. Унчукпай алып, күйөөм берген номерге чалдым.

Алтыным, мени көчөдө калат деп эч кимге айтпай үй алып, мага жаздырып коюптур. Ичине кирип алып ыйладым. Эмнеге мурда жолукпадык. 

Азыр неберелерим менен божурап отурам. Ар бир жакшылыгымда күйөөмдү, сүйүүсүн эстейм. Бир өмүрдө ошол адамга жолуктурган тагдырга ыраазымын. Сүйүү бар, ишенип койгула. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул музыкалык аспаптарды билесизби? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Бул музыкалык аспаптарды билесизби? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.