AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эки кайын эненин бул чечими келинчегим экөөбүздү ажырашуудан сактады

Эки кайын эненин бул чечими келинчегим экөөбүздү ажырашуудан сактады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Жүрүңүз кудагый, экөөбүз өзүнчө барып сүйлөшүп келели.

— Жүрүңүз, антпесек болбой калды.

— Биз кеч келебиз, күтпөй жата бергиле.

Келинчегим экөөбүз түнү менен уктабай отурдук. Экөө түштө кеткен боюнча жок. Кайда кетишти, эмне кылып жатышат билбейбиз. Телефондору өчүк. Башында жакшы эле отурганбыз. Караңгы түшкөн сайын жаман ойлор келе баштады. Экөөнү кайдан жөнөтө койдук.

Эки кудагый тил табыша албай келинчегим экөөбүздү кыйнап жиберишти. Бирөөсү келип мындай кыл дейт, экинчиси келип андай эмес мындай дейт. Бирөөсү келип небересин алып кетсе, экинчиси таарынат. Алардын айынан келинчегим экөөбүз урушабыз. Эң жаманы урушубуздун күндө көбөйгөнү болду. Ананчы, ар ким өз апасына тартат дегендей.

Атам чалды. Апам кайда экенин сурады. Эмне дешти билбей калдым. Тойго кетти деп койдук. Келинчегим экөөбүз эми чындап  корко баштадык. Кайда жүрүшөт болду экен.

Бири-бирине өчөшө беришчү болду. Бирөөсү келип бирөөсүн жамандайт. Башында, ооба деп коюп жүрдүк. Бирок, кийин ага баш ичип жашоо кыйын болуп калды. Аялым менен өз турмушубузду курбай, жаштыгыбыздан рахат албай экөөнүн көйгөйү менен эле болуп калдык. Эң жаманы ооруп калганда кимисине тартарыңды билбейсиң.

Дагы апаларыбыздын айынан урушуп кеттик. Экөө жаңы эле келген. Чогуу чай ичип отурганбыз. Анан экөө дагы кыжыңдаша башташты. Келинчегимди бери кой мен ачууланып чыктым. Анан экөөбүз айтыша кеттик. Ошондо, оозубуздан биринчи жолу «ажырашалы» деген сөз чыкты. Баш кошконубузга үч эле жыл болгон.

Апаларыбыз тык токтоду. «Ай, эмне деп жатасыңар» деп жиберишти. «Силердин айыңардан» дедим дагы, сыртка чыгып кеттим. Жаш балача ыйлап жибердим. Өзүмдү кармана албадым. 

Таңга маал келишти. Экөө жакшы эле тойлоптур. Сарсанаа болуп отурганыбызды деле эске алышкан жок. Апам кирип келип эле, «тур, кудагый экөөбүзгө төшөк сал» деди. Келинчегим экөөбүз залга төшөк салып бердик. Атама чалып айтып койдум. 

Экөө экөөбүздү чакырды. «Ай, балдарым, бизди кечиргиле. Турмушуңарга мындан ары кийлигишпейбиз. Жардам керек болсо өзүңөр келесиңер. Биздин айыбыздан жөн жашай албай калдыңар. Жашсыңар, ката кетирип өзүңөр жашагыла. Биз мындан ары өз жашообуз менен болобуз. Экинчи жанагындай сөзүңөрдү укпайлы. Эки эрке кемпирдын кыялы үчүн ак никеңерди бузбагыла.»

Аялым экөөбүз биринчи жолу тынч уктадык. 

Ишенесиңерби, ата-энебиз турмушубузга кийлигишпей калгандан бери экөөбүздүн сүйүүбүз күчөдү. Ортобуздагы сый артты. Уруштар жоголду. Тынч жашап калдык. Ар бир күнү өзүбүзгө убакыт бөлүп, бакытка балкып калдык. Биз гана эмес эки кудагый дагы башкача болуп өзгөрдү. Азыр экөөнөн өткөн ынтымактуу курбу жок.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Жайында бул тамактарды жесеңиз

Жайында бул тамактарды жесеңиз, шишибей сулуу көрүнөсүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.