AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эки балалуу келинге үйлөнөм деген байкеме апам мындай деди

Эки балалуу келинге үйлөнөм деген байкеме апам мындай деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бүгүн той. Бул тойго канча даярдандык. Боорсок кескенди көрөйүн деген көзүм жок. Базарлагандын «Б» тамгасын уккум келбейт. Жөн гана уйкум келип жатат. Тоого кетип калып уктап келсемби. 

Биз төрт бир тууганбыз. Байкем, мен, анан эки сиңдим. Байкемди качан үйлөнөт дешип ата-энемдин көзү төрт. Байкем болсо шашпайт. Атам акыры жеңилип берди. Апам эле шаштырып жатты.

Баарыбыз сериал көрүп отурганбыз. Байкем шашып бир жакка жөнөп баратты. Көздөрү башкача жымыңдайт. Ал чыгып кеткенден кийин, атам апама карап «тойго даярдан байбиче»  деди. Баарыбыз шок болуп калдык.

Апам экөөбүз данек чагып жеп отурганбыз. Байкем келип, апамды өөп ага сөзү бар экенин айтты. Мен унчукпай туруп кеттим. Бирок, акырын эшиктин аркасында турдум. Кызык болду, андай кылбаш керек экенин билем. Урушпагыла. 

— Апа, мен үйлөнөм. Келин балаңыздын эки баласы бар. Мен аны сүйөм. Досторум колдобой жатышат. Атам дагы капа болуп калды. Апа, мен аны сүйөм. Канча аракет кылсам дагы, ал качып өзүнө жолотпосо дагы унута албадым. Кыйналып кеттим апа (ыйлап жиберди).

Апам бир топко унчукпай данек чагып отурду. Анан колуна чогулткандарын байкеме берди.

— Сезимдерди башкарып болбойт балам. Ким сезимдерди башкыргысы келсе, эң акылсыз адам. Чыныгы сезимдер башкарууга багынбайт. Келин алгым келгени чын. Жалгыз уулум үйлөнсө деп тилегеним чын. Кудайдан келиним мыкты болсун деп сурангам. Балам сүйүп калса, демек мыкты инсан. Өзүң сүйүп үйлөнүп жатасың. Толтура сөздөр айтылат, бузукулар чыгат. Эгер ошолорду көтөрө алсаң мен сага батамды берем. Эки баланы өгөй катары көрүп, тиги келиндин тагдырын экинчи ирет бузуп, жоопкерчилик алалбай турган болсоң түйүнчөгүңдү түйүп берем. 

Байкеме кошулуп мен ыйлап жаттым. 

Атам башында эки баланы кабыл албай таарынып жүрдү. Бирөөсү беште, экинчиси үчтө экен. Бизге жакты, бойтойгон балдар. Эрмегибиз болуп калды. Болгону атам аларга суз мамиле кылат. Бала баарын сезип жатты.

Бир жолу экөө короодо ойноп отурушуптур. Мен ашканада отургам. Атам газетин көтөрүп кирип келди. Улуусу кичинесин жетелеп, «бас, чоң атам жаман көрөт» деп жетелеп жөнөдү. Атам аны угуп бозоро түштү. «Бери келчи» деп жандарына чакырды. 

— Эмне дедиң? 

— Чоң ата бизди жаман көрөт дедим. 

— Чоң атаңардын акылы жок балам, жаман көрбөйт, жакшы көрөт. Келегой, менин балдарым. Чоң атаңар жакшы көрөт силерди. Дагы чоң ата деп койчу. Жүргүлө балмуздак жеп келели. Жүрөгой. 

Кичнеси так секирип сүйүндү. Улуусу ишенбей карады. Атам экөөнү жетелеп кайра көчөгө чыгып кетти. Жеңем менен байкеме чуркап жөнөдүм. Алар дагы сүйүнүп калсын. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Түркиядан кантип жумуш тапса болот? 5 керектүү сайт

Түркиядан кантип жумуш тапса болот? 5 керектүү сайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.