AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Эл катары баш кошуп, дүркүрөтуп той бергенбиз

Мен 28 жаштамын. Турмушка чыгып 5 жыл жашадым, ортобузда бир уул бир кыз бар. Ажырашканыма 3 ай болуп калды.

Күйөөм эки бала менен тышка чыгарып койду. Бир гана өкүнгөнүм, аны аябай катуу сүйгөнүм.

Эл катары кыз-жигит болуп жүрүп, дүркүрөтүп свадьба берип, баш кошконбуз.

Элдер бизди төп келишкен жупсуңар деп, суктанып карашчу эле. Чексиз бактылуу күндөрүбүз өттү.

Алгач кыздуу болдук, аябай сүйүндүк. ЗАГСка тура элек болчубуз, ошондуктан кызымдын да күбөлүгүн ала алган жокпуз. Көп өтпөй уулду болдук. Жолдошум кубанып, аябай майрамдады.

Эмнегедир өзгөрө баштады

Убакыттын өтүшү менен күйөөм кескин өзгөрө баштады. Мени каалабай калды. Оңду-солду басып, ойной баштады, урушубуз көбөйдү.

Апамды токмоктогон, арак ичкен атаны да сыйлоого милдеттүүмүнбү?

Эки бала менен депрессияга түшүп үйдө отурам. Мамилебизди оңдооого канча аракет кылсам да болбой койду. Кичинекейиме 6 ай болгондо ажырашам, деп туруп алды. Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, ойношторуң менен деле жүрө бер, бирок мени кууба, деп жалдырадым.

Ошону менен бирге жашообузду уланттык. Же тамака жетпейм, же кийимге жетпейм.

Мени кой, балдарга эч нерсе алып бербейт. Инимен акча алып, тигүүчү машинка сатып алдым. Көгөрүп отуруп, тиккенди үйрөндүм. Кичине болсо да балдарымдын керектөөлөрүнө жарагыдай акча иштеп алам.

Жалдырап, чөгөлөсөм да болбоду

Бирок чогулта алган жокмун. Ачуусунан аябай коркот элем “менден акча бекитсең, ыргыта тебем, өлтүрүп коем!”, деп коркутчу. Тапканымдын бардыгын ошого карматам. Болушунча көңүлүн алганга аракет кылам. Түрлөп тамак жасайм, кийимдерин жууп, тазалап коем, жакшы сүйлөп көңүлүн алганга аракет кылам. Бирок мунун баары ага кереги жок болчу.

Үч жылдан кийин төшөктөрүмдү көчөгө ыргытып, “жогол!”, деп мени кууду. Жалдырап, чөгөлөсөм да болбоду.

Балдарыбызга документти ошо бойдон алып берген жок. Жок дегенде фамилияңды бер десем да болбой койду. Акыры балдарды өзүмдүн атыма жаздырып, жалгыз бой эне болуп калдым. Иним мага каралашып, жардам берет.

Мен аны дагы деле сүйөм, күндө ыйлайм. Жаздыгым көз жашыма чыланат. Мага күчтүү мотивация бергилечи, суранам? Мындан ары кантип жашашым керек?

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Сиздин абал өтө оор экен. Бирок чечилбеген көйгөй болбойт.

Менимче, эртеби-кечпи сиз күйөөнүз менен акыры ажырашмаксыз. Сиз сүрөттөп жаткан нерселер сүйүү эмес, бул болгону байланып калуу. Сиз кайырчыга окшоп күйөөңүздөн сүйүү, көңүл, жакшы мамилени тилемчилеп келгенсиз. Жан дүйнөңүздөгү боштукту толтурууга аракет кылгансыз.

Экинчи күйөөмө жолуктурган, биринчи күйөөмө рахмат

Бирок канчалык аракет кылгансайын: даамдуу тамак даярдап, кийимин жууп, акча таап, анын сизге болгон мамилеси ошончолук начарлай берди. Мындай алып караганда, сиз анын сүйүүсүн сатып алууга далбастап жаткандайсыз.

Билесизби, адамдар өзүн жакшы көрүп, өзүн сыйлай баштаганда гана, аларды башкалар да жакшы көрүп, сыйлашат. Анткени бизди курчап турган адамдар, күзгү сымал өзүбүзгө өзүбүз жасаган мамилени чагылыдырып турат. Алгач өзүңүздү баалаганды үйрөнүңүз. Бардык өзгөрүүлөр кичинекей бирок күндө кайталануучу кадамдардан башталат.

Сиздин бирге жашап, ажырашканыңар сиздин катачылык эмес, бул болгону тажрыйба. Өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Тиешелүү жыйынтыктарды чыгарып, башты бийик көтөрүп жашоо жолуңузду улантыңыз. Алдыда дагы көптөгөн жакшы, кубанычтуу, бактылуу күндөр бар.

Кризистик борборлорго да кайрылып көрүңүз. Алар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге ишке орношууга жана психологиялык жактан жардам беришет.

Сиз али жашсыз! Мындан аркы жашоону өзүңүз үчүн жашаңыз. Өзүңүзгө, сырткы келбетиңизге, ден соолугуңузга кам көрүңүз. Күчтүү болуңуз. Бактылуу энесин көргөн балдар да бактылуу болуп чоңоюшат.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.