AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Боз үйдө аза тартып отурсам

Боз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуядан бери бир канча жыл өттү. Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Мен туугандарымды жамандайын деп жазып жаткан жерим жок. Болгону, баянымды окугандан кийин бирөөнүн жашоосуна кийлигишкендер азаябы деп ойлодум. 

Эки баласынын эсинде сактала электе жолдошум бизди таштап узак сапарга кетти. Эсинде сактала элек дегеним, бирөөсү эмчекте, экинчиси экиге чыга элек. Баарынан дагы иим ушул нерсеге күйүп жатты. Атасынын кандай камкор, шайыр, өзгөчө экенин көрүп калышса гана…

«Ай, бул жаш неме эртең эле бирөөгө тийип кетет», «жаш калды, эми бирөөгө тийип алышы керек», «балдарын өзү бага албайт, бирөөгө тийип алганы дурус», «тааныштарды карап чыгыш керек экен» ж.б. Мен мындай сөздөргө көнүп бүттүм. Унчукпай кутулчу болдум. Ичимдеги бооронду сыртка чыгарсам, эч кимиси соо калбайт эле. Акылсыз жандарды аядым. 

Ыйлай берип башым айланып, көзүм караңгылап, темтеңдеп араң дааратканадан келаткам. Тайкем, таежем, эки жеңем, кайын эжем болуп боз үйдүн артында сүйлөшүп туруптур. Мени чакырышты. Жаныдарына бардым. Бир кишини көрсөтүп, атын айтып, таанышып алышымды суранышты. Кеп эмнеде болуп жатканын дароо түшүндүм. Айтчу сөзүмдү баарына айтып, кайда барыштары керек экенин көрсөтүп, эсим ооп жыгылдым.

Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Апам менен байкем балдарымды алып жанымда отурат. Байкем мени көрө калып, «мени менен шаарга кетесиңби» деп сурады. Ойлонбостон макул болдум. 

Жеңем менен байкеме чоң рахмат айткым келет. Стресстен сүтүм чыкпай калды. Жеңем баласына кошум баламды эмизип, байкем бейтапканаларга ташып аябай кам көрүштү. Аларга эркелеп жата бергим келбеди. Батыраак бутума турууну кааладым. Турдум.

Мүмкүнчүлүк болору менен балдарды алып батирге чыгып алдым. Жеңем мага көнүп калганын айтып, кетиргиси келбей жаман болду. Байкем таарынды. Бирок, алардын жакшылыгын сыйлагым келди. Дагы калып калсам, сыйымды жоготмокмун. Апам айылдан келип-кетип жардам берип жүрдү. Жумушка орноштум.

Бир жылдан кийин күйөөмдүн ашына бардым. Баягылар эч нерсе болбогондой учурашып чыгышты. Ачуумду араң кармадым. Уят эмне экенин билбеген жандар экен. Көзүмө ушундай күлкүлүү көрүнүштү. Мени баарын унутуп калды деп  ойлошкон чыгар. Унутулбайт. Силер убагында кылган жамандык эч качан унутулбайт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамдын күйөөмө жазган катын окуп алып баарыбыз ыйладык

Апамдын күйөөмө жазган катын окуп алып баарыбыз ыйладык

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.