AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бирөөдөн бир нерсе күтпөй калгандан бери жеңилдедим. Айсулуу Алмаздан кеңеш

Бирөөдөн бир нерсе күтпөй калгандан бери жеңилдедим. Айсулуу Алмаздан кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бүгүн биз силерге Канаданын Монреаль шаарында жашап, финансы тармагында ийгилик жаратып келаткан мекендешибиз Айсулуу Алмаздын кеңештерин сунуштайбыз. Ал эми түз эфирди инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

— Азыр мүмкүнчүлүк толтура. Колумдан келбейт деп айтуу уят. Дүйнөдө ар бир адамдын өзгөчөлүгү бааланат. Талант, билим жана эмгек сөзсүз бааланат. Андыктан даттанбай аракет кылыш керек. 

— Бул жакта адамдардын кичипейилдеги аябай таңкалтырды. Баарын чын жүрөктөн жасашат экен. Рахматты дагы көздөрү жашылданып сүйүнүп айтышат. Бул абдан кубандырат.

— Канаданын өзүндө алган билим жана иштеген тажрыйба аябай бааланат. Мисалы, Бишкекте чоң ийгиликтерди жаратып жүргөн адисти бул жакта баалабай, Канадада иштеген эмес экен дешет, анан жумушу жок калуу ыктмалдуулугу жогору. Андыктан, эмиграция кылып келгендер кайрадан окууга туура келет. Мен аларга айтарым, бул жакка келерден мурун, нөлдөн баштоого даяр болуп, бул жерде эч ким болуп каларыңды эске алып, маанайыңарды түшүрбөй, шарты ушундай деп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр болуп келсеңер бактылуу болосуңар.

— Студенттерге кеңешим сабактарды тандап жатканда жакшылап көңүл бургула. Келечектеги кесибиңерге туура келген предметтерди тандагыла. Ар кайсыны ала бербегиле. Канадага келгенде менин дипломумдун ичиндеги сабактарды карап кабыл алышпады. Көрсө, финансы тармагын окуганым менен, ичиндеги сабактар бири-бирине байланышы жок экен. Анан кайрадан өз кесибиме ылайыктуу кылып бул жактан окудум. 

— Ооба, тил үйрөнүү абдан кыйын. Мен мектептен, университеттен  окуганым менен жакшы жетише албадым. Анан Малазияда бир жыл англисче сүйлөгөн чөйрөдө болдум. Ошол жерден такшалдым. Кайсы тилди үйрөнүп жатсаңар, ошол тилде сүйлөгөн чөйрөдө бир аз убакыт болсоңор тартынбай, басынтуулардан, ката кетирүүдөн коркпой сүйлөп каласыңар.

— Эгер учурдагы кесибиңер силерге жакпаса, силердики эместигин сезсеңер алмаштыргандан коркпогула. Бирок, алдын ала пландарды түзүп алгыла. Жумуш жашооңордун маанилүү бөлүгү, ал бакыт алып келиши керек. Сезимдериңерди уккула.

— Эл эмне дейт, эл үчүн жашайт элем, эл үчүн жасайт элем, эл үчүн кийинет элем деген нерседен арылганда кадимкидей жеңилдей түштүм. Андан тышкары адамдарга таарынбай калдым. Мурда аябай таарынчак элем. Бирөөлөрдөн бир нерсе күтө берчүмүн. Буларды жасабай калдым, бактылуу боло баштадым.  

— Бакыт майда-барат нерселерде. Жөнөкөй нерселерге көңүл бура баштадым. Менин көп кийимдерим деле жок, жасанбайм деле. Ошолорго убакыт короткондун ордуна таттуулар менен чай ичип отурган мага көбүрөөк рахат алып келет.

— «Кыздар созолонгон, назик болуш керек» деген кызга карата чектөөлөр коюлган тарбия көрүп чоңойгом. Эң жөнөкөй эле нерсени айтайын, инимдин велосипеди бар болчу, мен ошону жашынып барып тепчүмүн, аябай тепкен жагат эле. Себеби чоң атамдар кыз кишиге болбойт, уят дешчү. Чет өлкөгө чыкканда ал чектөөлөрдү өзүмө өзүм эле куруп алган экенминди билдим. Өзүмө зыян алып келбеген каалаган нерселеримдин баарын кылсам болот турбайбы дегенден бери жашоом жеңилдеди. Ага кошумча, кичинемде мени сары дешчү. Ошо мага чоң комплекс болчу. Чет өлкөгө чыгып келбетиме карата комплименттерди ала баштадым. Анан өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алганды үйрөндүм. 

— Канчалык көп үйрөнгөн сайын, көп нерсени билбей турганыңды сезе баштаган нормалдуу нерсе. Кыйындарды көргөндө өзүңө болгон ишеним жоголот. Анан тытынып баарын окуй баштайсың. Бирок, кайдыгерлике караганда ушул сезим жакшы. Аракет кылып, умтула бериш керек. 

— Кандай болсоңор, ошондой кылып өзүңөрдү жакшы көргүлө. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
КЫСКА-НУСКА. Эмнеге аялдар күйөөлөрүнөн көз каранды?

КЫСКА-НУСКА. Эмнеге аялдар күйөөлөрүнөн көз каранды?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.