AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынан биринчи сүйүүсү менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Баса, сүйүү баяндарын толугу менен бул жерден окуй аласыз. 

Сүрөттөгү элес

Ал менин арманым. Бири-бирибизге жетпей калдык. “Түбөлүк каласың жүрөгүмдө”, -деп айткан сөзү бар эле. Турмушка чыгып кетти, жакында төрөйт. Эч унута албай койдум. Түшүмө кирип жалгыз жанымды ого бетер кыйнайт. Сүрөтүңдү кучактагандан башка аргам жок. Көздөрүңдү эстегенде жумуш кыла албай калам. Ыйлагым келип араң эле өзүмдү кармайм. Дагы жашоого умтулууга мажбурмун. Бактылуу бол. Көзүңдөн жаш акпасын. parikmaxer.v.gosti

Шаардык жигит

Анда окуучу кыз элем. Мектепке Ош шаарынан бир бала келип окуп калды. Эми билесиңер, шаардан баргандар өзүнчө эле аппак. Кыздардын баары ашык болуп сүйүүлөрүн арнай башташты. Ичимен жактырдым, бирок сыр бербей жүрдүм. Менде бир принцип бар, эркек биринчи мен үчүн кадам ташташы керек. Классташ катары эле сүйлөп коем. Бир күнү телефон чалыптыр, атам алса тапшырма сурайын дептир. Жаңы-жылда кыздар менен бийлеп жатканбыз. Вальс башталганда бийге тартып жатпайбы. Ошентип экөөбүз үч жыл сүйлөшүп жүрдүк. ЖОЖко тапшырып байланышпай калдык. Ал айылда калды, мен шаарга келе бердим. Же азыркыдай сотка деген жок. Кызыгы ошол бойдон көрө элекмин. Мектептеги сүйүү баары бир башкача болот экен. ukubaeva._

Доско айланган сүйүү

Мен такай эле көрөм биринчи жакшы көргөн адамымды. Бишкек-Токмок каттамы менен маршрутка айдайт. Азыр сезим деле жок, убагында сүйгөм. Сүйлөсө дос катары жооп берип коем. Jolchieva

Айтылбаган сүйүү

Эх, менин алгачкы сүйүүм . Анда жаш экенсиң да, өзүмөн бир канча жаш улуу адамды сүйдүм. Чын жүрөгүмдөн жактырдым, бирок ага сүйөрүмдү айта албадым. Себеби анын үй-бүлөсү, эки мотурайган уулдары бар эле. Ошентип ичимен сүйүп жүрүп кийин чет өлкөгө кеттим. Кеткенден кийин үч айдан соң жол кырсыгынан каза тапты деп кабар келди. Эмне кыларымды билбей көз жашымды көлдөтүп  кала бердим. Азыр ошол адамга окшош жигиттерди издей берем. nur.kg28

Түшкө кирген сүйүү

Биринчи сүйүү биринчилиги менен кызык го. Көргөндө сүйлөй албай, ал сүйлөсө жерге кирип кетчүдөй болуп жүрөгүң дүкүлдөйт. Меники таза сүйүү боюнча калды. Азыр ойлоп коём, үйлөнсөк күнүмдүк жашоо сүйүүбүздү талкалайт беле. Кээде аябай сагынам. Канча жылдан бери түшүмө кире элек болчу, баягы күнү кирди. Ойгонуп алып ыйлагым келди. Мен ага бакыт каалайм, эмне үчүн дегенде, ал абдан жакшы адам. Bekboevna

Калың байпак

Менин биринчи сүйүүм артыман аябай чуркаган.  Аны тоготпой, жазса жооп жазбай, чалса албай коет элем. Шаардан айылга келип жолугушууга чакырган, ошол күнү аябай нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан. Калың байпак менен шлёпка кийип жолугушууга чыкканымды эстеп аябай уялам. zeli_kg

Уялчаак жигит

Мектепте окуп жүргөн кез. Коңшу класста окуган бала экөөбүздүн ортобузда биринчи сүйүү болду. Мени аябай сүйдү. Бирок мени көргөндө уялып качып кетчү. Ошентип жүрүп мен башкага турмушка чыгып кеттим. Ал ошол бойдон үйлөнгөн жок. Ушул күнгө чейин үйлөнө элек. Аябай жакшы бала болчу. Өткөндө сүйлөшүп калдык, дагы деле мага окшошун таппай жатканын айтты. Мен туура эмес кылдым. Өкүнөм азыр. zhazgul231

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

«Мугалимдер бизден кечирим сурагыла». Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялымдын даамдуу тамагын жеш үчүн идиш жууганга даярмын

Аялымдын даамдуу тамагын жеш үчүн идиш жууганга даярмын

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.