AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Беш күн аялым жок жашап көрдүм. Жыйынтыгы төбө чачымды тик тургузду

Беш күн аялым жок жашап көрдүм. Жыйынтыгы төбө чачымды тик тургузду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

— Макул, балдарды жакшылап кара, мен бат эле келем.

— Шашпай эле кой.

— Беш күндөн кийин келе кал деп чалып жүрбө.

— Чалбайм этпейм эле.

— Көрөбүз.

Чынын айтайын, төртүнчү күнү кечинде чалдым. Жалдырадым. Тезирээк кел деп сурандым. Аялым каткырып күлүп макул болду. 

Беш күн, ооба, болгону беш күн мени өзгөрттү. Ушул убакка чейин аялыма кандай муктаж экенимди этибарга алган эмесмин. Келинчегим үйдө отурса эле жашоосу жыргал деп ойлочумун. Жаңылыпмын.

“Эмне тамак?”, “Көйнөгүмдү жуудуңбу?”, “Баланы алчы, эч нерсе угулбай жатат”, “Итке тамак бере элексиңби?, “Төшөк салчы”, “Бул жерди жыйнап койбойт белең”, болду улантпай эле коеюнчу, өзүмдүн жоругумдан уялып жатам.

Жумуштан тоону томкоргонсуп үйгө келем. Тамак даяр болбосо же мен каалаган, мисалы, манты эмес, картошка эле кууруп койсо ачууланам. Ашып кетсе он мүнөттөй кичүү баламды көтөрөм. Анан чалкалап диванда жатам же сыртка чыгып машина чукулайм.

Азыр эстесем, аялым жаны тынбай эле жүрчү экен. Баланын жалаягын которот, машинага кир салат, тамак жасайт, оюнчуктарды чогултат, сарайдан отун алып келет, үй жыйнайт, бул арада эки-үч жолу дүкөнгө барып келгенге жетишет.

— Ата, Нурчик сийип койду.

— Дагыбы? Жаңы эле котордум эле го. Бар шым алып кел.

— Ата, таза шымдары калбай калыптыр.

— Тууй ата.

— Апам дароо жуучу.

— Памперси бар бекен.

— Жок экен.

Улуу балам төрттө, кичүүсү бир жарым жашта. Бир орунда турушпайт. Бир мүнөт алаксып кеттим эле, ноутбугумду сындырып коюшуптур. Кечинде кеч жатышат, эртең менен таң атпай ойгонуп алышат. Улам ачка болдук дейт. Сыртта ит ачкадан уулуп жатат. Казандар жуула элек. Эки-үч жолу боткону күйгүзгөм, ал ошол бойдон турат. Үй кебетесинен кеткен. Эми менин кейпимди элестетип көргүлө.

Аялымдын чоң энеси каза болуп калып айылга кеткен. “Балдар кичинекей, сен карап тур” дегенинен, оңой көрүп макул болгом. Анын кеткени деле жакшы болду. Болбосо, мээнетин түшүнбөй жүрө бермекмин.

Жардам бербегениме, “Жакшысыңбы?” деп акыбалын сурап койбогонума өкүнөм. Эмне үчүн жумуштар экиге бөлүнүшү керек? Эмне үчүн балдарымды аялым гана карашы керек? Бул үйдө мен да жашайм, балдар да меники. Демек, жоопкерчилигим, милдетим аялымдыкындай. Баарын кеч түшүндүм.

— Алло! Кандайсың?

— Балдар жакшыбы? Эмне түндө чалып жатасың? Тынчылыкпы?

— Балдар жаңы эле уктады.

— Сен эмне кылып жатасың?

— Ботко жасасам түбүнө тартып кетиптир, ошол казанды жууп жткам?

— Эмне дейсиң (күлүп)? 

— Качан келесиң?

— Беш күн боло элек.

— Тезирээк келгенге аракет кылчы. Сени сагындым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Зордук-зомбулукка кабылсаң демек өзүң күнөөлүүсүң. Чынында ушундайбы?

Зордук-зомбулукка кабылсаң демек өзүң күнөөлүүсүң. Чынында ушундайбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.