AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Башкалардын аялына суктанганым үчүн катуу өкүнөм

Башкалардын аялына суктанганым үчүн катуу өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ар кимдин аялына суктанып жүрүп, мөлтүрөгөн келинчегимден ажырадым. Татыктуумун. Күнөөлүмүн. Мойнума алам. Иттик менден кетти. 

Айжамалдын артынан эки жыл чуркадым. Араң жеттим эле. Эх, акмактык кылдым. Үйүнөн алып кеткени барганда, кошуналары, туугандары, “сонун кызды жубайлыкка алдың, бактыңды бекем карма”, — дешкен. Бул сөздүн баркын эми түшүндүм.

— Бул адатыңды качан токтотосуң?

— Эмнени?

— Нурадил, билмексен болбочу?

— Бир карап койдум, анын эмнеси бар экен.

— Менин кандай абалда калтырып жатканыңды…

— Токтотчу, берчү чайыңды жөн берчи!

Айжамалым. Чачы узун, кашы-көзү кара, жүрөгү ак, колу жумшак, айтоор периштенин өзү. Мага эмне жетпеди? Балким, кайталанма күндөр тажатты. Жок, актанып жатам. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Келинчегим ар бир күндү өзгөчө кылууга аракет жасады. Көөп кеттим. Баркына жетпедим. 

Башынан эле досторумдан биринчи болгум келчү. Акыркы маркадагы машина айдайм. Айфон көтөрөм. Жаңысы чыккан сайын алмаштырам. Кычырап кийинем. Заңгыратып үй салдым. Баары суктанып турушчу. Мага дале бир нерсе жетпей жатты.

Алдыман бирөөнүн аялы өтсө, келинчегимдин көзүнчө эле көз салып, мыйыгыман жылмайып күлүп отура берчүмүн. Баарын байкап турчу. Акыркы күндөрү унчукпай калган.

— Айжамал, галстугум кана?

— Шкафта, экинчи полкада.

— …

— Кайда баратасың?

— Достор менен кафеге.

— Качан келесиң?

— Эмне отчет алып жатасың?

Унчукпай басып кетти. Отчет албай эле, кабатыр болуп жатканын кайдан билдим. «Кеч келем, камсанабай уктай бер»,- деп, бетинен өөп койсом болот эле го. Барба деп жолумду тоскон жок, туурабы? Тандоо өзүбүздө. Же адам, же акмак болобуз. Мен аңдабастан экинчисин тандадым. 

Айжамал кеткенден кийин баары өзгөрдү. Үй муздак. Алдыман тосуп чыкчу киши жок. Кабатыр болуп эч ким чалбайт. Бир жаздыкты кучактап жалгыз жатам. Заңгыраган үйүмдүн көркү келинчегим болчу экен.

Жубайымдын мүнөзүн жакшы билем. Келбейт. Анткени мен сөзүмө турган жокмун. Мыкты күйөө боло албадым. 

Эркектер! Менин катамды кайталабагыла! Аял алгандан кийин жоопкерчиликтүү болгула. Көңүлүн оорутпай, жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Көрөсүңөр, бул аракетиңердин акыбети эки эселеп кайтып келет. Чыныгы эркектин аялы бактылуу болот. Силер чыныгы эркексиңерби? 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш

Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.