AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын калыңына берген 165 миң сом

Аялымдын калыңына берген 165 миң сом, 1 торпок жана 20 коюмду кайтарсам болобу?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Келип түшкөн суроолордун арасынан бул жигиттин каты көңүлүбүздү бурду. Эскертүү каармандардын аты өзгөртүлдү.

Учурда Асылбек башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан кези. Бир ай мурун дүркүрөтүп той берип үйлөнгөн жигит, бүгүн минтип ажырашып отурат. Окуянын чоо-жайын Асылбектин өзүнөн уксак. 

Ак жоолукчан элеси көз алдымда

Мен да башкалар сыяктуу жакшы ниет менен үй-бүлө кургам. Алган жарым менен өмүрүмдүн аягына чейин бирге болуп, уул-кыздарды тарбиялап чоңойтобуз дегем. Эх, бактыбыз болгону бир айга созулду. Күн сайын сүйүктүү келинчегимди эстейм. Эч эле унута албай койдум. Сыртка чыксам да, үйгө кирсем да, көз алдыма ак жоолук салынып жүргөн элеси келет.

Асылбектин айтымында ажырашууга шейшеп текшерүү жөрөлгөсү себеп болгон. Ишин толук бүтүрө албай калган эки жаштын артынан түрдүү ушактар айтылган.

Ыраазымын деп көз жумгам

Келинчегим менен эки-үч ай сүйлөштүк. Ооба, бул кыска убакыт. Бирок, бактылуу болоорубузга көзүбүз жеткен. Эч ким бизди мажбурлаган жок. Баш кошуу тууралуу ниетибизди ата-энебизге айттык. Алар баталарын беришти.

Нике түн. Билбейм, катуу чарчаганбызбы, айтоор ишибиз толук бүтпөй калды. Күнөөлөгөн жокмун, ага ыраазы экенимди айттым. Келинчегимди коштоп келген жеңелердин сыртта күтүп турганын унутуп, бейкапар уктап калыппыз.

Кыскасы, “кыз чыкпай калды” деген сөз келинчегимдин апасына жетиптир. Сөздөн-сөз чыгып отуруп абал курчуп кетти. Акыры бизди ажыратып тынышты. Күнөөнүн баары кызда, ата-энеси да жакшы билет.

Калыңга — 165 миң сом, бир торпок, 20 кой бергем. Азыр менде эки гана суроо бар: кайра кантип үйлөнөм жана берген калыңымды кантип өндүрөм.

Психолог Мария Самсонованын айтымында, ажырашуу – бул эскинин бүтүшү жана жаңынын башталышы.

Сиз учурда башыңыздан ажырашууну өткөрүп жатасыз. Өзүңүзгө кайгыруу же капалануу сыяктуу ар бир этаптан өтүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Учурда кайсы этапта жана канча убакыттан бери ошол абалда экениңизди түшүнүү абдан маанилүү болуп саналат.

Дүйнөдөн обочолонбой колдоо жана жардам суроого аракет кылыңыз. Сөзсүз ден соолугуңузга кам көрүңүз: убагында уктаңыз жана тамактаныңыз. Эгер стресс табитиңизди жоготуп, уйкусуздукка чалдыктырган болсо, адистерге кайрылыңыз.

Досторум “ал кызды алсаң, туугандары кой сойдуруп сынайт” деп коркутушкан

Өзүңүздү күнөөлөбөңүз, кайра тескерисинче колдоңуз, жардам бериңиз. Калыбыңызга келгенге жардам берчү бардык нерсени жасаңыз: досторуңуз менен жолугуңуз, хоббиңиз мене алектениңиз. Ойлорго чөмүлбөй, тышкы дүйнөгө көңул бурганга аракет кылыңыз.

“Учурда ал эмне кылып жатат?” деген ойдон, “Учурда мен эмне кылып жатам, кайсы жердемин, кантип өзүмө жардам бере алам?” деген ойго өтүңүз.

Ошондой эле психолог жигититин дарегине көп терс пикирлер айтылган болсо, өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыбына келтирүү керек экенин кошумчалады.

«Мен мунун баары жөнүндө кандай ойдомун?”, болуп жаткан нерселерге сын көз караш менен караңыз, балким өнөктөшүңүз кайгыруу жана капалануу стадиясында болгондо бул нерселерге жооп берип койгон. Келбетиңизге, жашооңузга, ден соолугуңузга кам көрүңүз.

Асылбек берген калыңын кайтарып алалабы же жокпу суроосун адвокат Эркингүл Шаршенбековага узаттык.

Жигиттин  берген  калыңдары, эч кандай кагаз  жүзүндө  катталбагандан кийин  кайтарып алуу оор болот. Бул маселени өз ара келишүү жолу менен чечпесе, мыйзам түрүндө мындай учурлар практикаман өтө элек.  

Мындай учурларга динибиз эмне дейт болду экен? Шариятта калыңды кайтарып алуу маселеси каралганбы, теолог Кадыр Маликов буларды айтат:

Жигит берген калыңын кайтарып алсам болобу деп сурап жатат. Болбойт, себеби бул ал кыздын махры. Эгер жигит нике түндөн кийин талак берсе, баардык махр (калың) кызда калат. Кыз өзү ажырашууну сураган болсо, анда махрды кайтарып алса болот. Ал эми калың да, махр да берген болсо, кайра калыңды гана сурай алат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамды токмоктогон

Апамды токмоктогон, арак ичкен атаны да сыйлоого милдеттүүмүнбү?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.