AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын бул сөзүнөн кийин аны кызганбай калдым

Аялымдын бул сөзүнөн кийин аны кызганбай калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин баяным кыска эле. Ошентсе дагы силер менен бөлүшкүм келди. Мен аялым менен атаандаш болгум келбейт. Ошондой эле аны башкарууну каалабайм. Мен жөн гана ар дайым жанында болчу өнөктөшү болгум келет. Мен аны ушунчалык катуу сүйөм. Анын дагы мага болгон сезимдеринен күмөнүм жок. Ошентсе дагы башында мындай эмес болчумун.

Баарынан кызганат элем. Улам чалып кайда жүргөнүн сурайм. Кайра ишенбей видеочалуу жасайм. Туура эмес кылып жатканымды билем. Өзүмө өзүм ишенбегеним үчүн ушундай кылып жатканымды билем. Ойлорум жаман экенин билем. Билем, бирок өзүмдү колго алалбайм. Арытанан аңдып эле турам.

Акыры аялым мындай болбойт деп ачык сүйлөшүүгө чакырды. 

«Жаным, кызгангандын дагы чеги болуш керек. Сенин кызганычың мени муунтуп жатат. Мага аба жетпей баштады. Бул абал акыры барып ортобуздагы сыйды, сүйүүнү өлтүрөт. Билесиңби, эгер адам кете турган болсо, аны эч нерсе менен кармай албайсың. Ал каалаган күнү кетип калат. Аны аңдыйсынбы, коркутасыңбы, пайда жок. Жакшылап ойлонуп көрчү. Адам өзү кандай болсо, башкаларды дагы ошондой ойлойт. Мен мыкты жигитке турмушка чыккам деп ойлогом. Адашып калганымды тастыктап, өкүндүрбөйсүң дейм. Сен мага ишен, мен сага ишенем. Өзүн сүйбөгөн, өзүнө ишенбеген адам кызганат. Сен андай эмессиң. Туурабы?»

Ойлоп көрсөм, аялымдын сөзүндө чындык бар. Биз аларды бир буюм катары көрүп, ээлик кылгыбыз келет экен. Бирок, эч качан бирөөгө ээ боло албайбыз, анткени баарыбыз индивидалдуу инсанбыз. Жадакалса, балдарың деле чоңойгондо сенден кетет. Эч кимди кармай албайсың. Андыктан, ал адам жаныңда болгонунан ырахат алып, бактылуу болушуң керек экен. Калп эле кызгана берүүнүн кереги жок туура. 

Азыр аялым экөөбүздүн сүйүүбүз мурункудан дагы күчтүү. Ортобузда ишеним бар. Жылдар өткөн сайын биз ачык сүйлөшкөндү үйрөндүк. Бир нерсе жакпаса айтып турабыз. Ичибизге катып, сыздап жүрө бербейбиз. Көйгөйдү ачык отуруп чечиш керек экен, катып жата берсең ичиңдин баары чирип, ойлоруңду кара басат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул кайсы машинанын белгиси? Кыйындар бат эле таап койчу тесттен өтүңүз

Бул кайсы машинанын белгиси? Кыйындар бат эле таап койчу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.