AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын биринчи күйөөсү үйгө келип манты жеп кетет

Аялымдын биринчи күйөөсү үйгө келип манты жеп кетет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бизде ажыраштың балээ башталат. Айтайын дегеним бири-бирин жамандап, ушактап, балдарын көрсөтпөй, алып кетип калып бербей, өздөрү чече албай ата-энелерин аралаштырып, акыры сотко барып тынышат.

Мунун баарын айтып жатам, анткени өзүмдүн башымдан өткөн. Балдар чоңоюп, университетке тапшырганда тындык окшойт. Ээ, ажырашуу деген ушундай турбайбы, бири-бириңе душман болуп калат экенсиң деп ойлоп калгам. Анан Асылды жолуктурдум.

Экөөбүз таанышкан күн дале эсимде. Достор менен кафеге тамактанууга киргенбиз. Ошол жакта бир айым жалгыз тамактанып отуруптур. Терезени карап жылмайып, ушундай аппетит менен алдындагы тамагын жеп жатты. Жаш баладай эле сүйүп калдым. Жөнөкөйлүгү, бала кыялы жакты.

Досторум тааныш деп түртүп жатышты. Мен уялып болбойм. Чачымды ак баса баштаганда жөн элен коеюн дейм. Бир маалда досум ырдап жаткан ырчынын микрофонун алып “үчүнчү столдогу сулуу айым, досубуздун жүрөгүн эмнеге уурдап аласыз” деди. Ошондо көздөрүбүз чагылыша кетти. Унчукпай барып досумдан микрофонду алды дагы, “менин жүрөгүм бар, ашыкча жүрөк кереги жок” деп басып кетти.

Сыртка чыгып баратканда менде кандайдыр бир күч пайда болду. Азыр же өмүр бою өкүнөм дедим. Артынан чуркап жалдырап жатып атын билдим. Анан социалдык тармактардан издеп таап жаза баштадым. Ээ, жүрөгүн багынтуу кыйын болду. Бирок, мен жеңилбедим. Акырына чейин күрөштүм.

Эки уулу бар экен. Ушундай тарбиялуу мырзалар болуп бой жетиптир. Таанышканы барганда эле, “саламатсызбы, өтүңүз төргө” деп тосуп алышты. Сылыктыгын айтпагыла. Мен башка дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Алардын жанында чындап эле билимим ылдый болчу. Сүйлөгөндөн сүрдөп отурдум. Колдорум тердеп чыкты. Негизи бүгүн аларга баш кошорубузду айталы дегенбиз. Уялдым. Ушундай аялга татыктуу боло аламбы дедим. Акыры Асыл өзү айтты. Уулдары чуркап тура калып апасын өөп куттуктап, менин колумду бекем кысышты.

Тоюбузга биринчи жолдошу келди. Экөөнүн бири-бирине кылган мамилелерин, сыйын көрүп ушундай ичим күйдү. Эмнеге биз анте албадык, кимибизде күнөө болду деп өкүндүм. Көрсө, ажырашкандан кийин деле сый мамиледе калса болот турбайбы. Аттиң, баары анте албайт.

Майрамдарда, жамандык-жакшылыктарда биринчи күйөөсү аялын ээрчитип үйүбүзгө келет. “Асыл мантыны жакшы жасайт дебедим беле” деп мактап жейт. Күйөөсүнүн аялы дагы сонун киши. Баарбыз отуруп тамашалашып, кантип кеч киргенин унутуп калабыз.

Эч качан бири-бири жөнүндө жаман сөз айтканын укпадым. Эмне болуп ажырашкандарын сурасам, “Көз карашыбыз башка болуп калды. Балдар үчүн жашай берели деп сыйыбызды жоготкубуз келген жок. Отуруп ачык сүйлөштүк. Ажырашууну чечтик. Туура кылыппыз. Андан кийин бирибизге болгон жылуу мамилени сактап калдык. Бул баарынан маанилүү болчу. Кантип убагында сүйгөн адамыңды жамандап, жек көрөсүң, туурабы?” Башымды ийкеп тим болом.

Менден көп ката кеткенин билдим. Азыр мурдагы аялым мени көргүсү жок. Балдарым менен эле катташам. Алар дагы Асылды жакшы кабыл алышты. Кыскасы, баары өзүбүздөн көз каранды экен. адамгерчиликтүү болуш кыйын, бирок жаса болот.

Достор, эгер түтүнүңөр күйбөй, ажыраша турган болсоңор сый мамиледе эки жакка тарап кеткиле. Экөөңдөн башканы аралаштырбай, баарын өзүңөр чечкиле. Чоң адамсыңар бул нерсе колуңардан келет. Болбосо, кийин өкүнүп каласыңар. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Курсактагы бала эмне үчүн өспөй калат? Гинеколог айтып берет

Курсактагы бала эмне үчүн өспөй калат? Гинеколог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.