AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын арты менен бутума турганымды айткандан уялбайм

Аялымдын арты менен бутума турганымды айткандан уялбайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Досторум мени таканын алдына кирип кетипсиң дешти. Макул дедим. Аялыңдан коркосуң дешти. Макул дедим. Ошону эле мактай бересиң дешти. Макул дедим. Ээ, барчы дешти. Макул дедим. Анан үйдү көздөй жөнөдүм.

Аялымды мактагандан уялбайм. Могу заңгыраган үйгө, алдыбыздагы машинага анын арты, эмгеги  менен жеткенбиз. Жаңы баш кошкондо эч нерсебиз жок эле. Мен мамлекеттик жумушта иштейм. Жарыбаган айлык алам. Балалуу болгондон кийин таптакыр кыйналып кеттик. Анан аялым бизнес баштады.

Үйдө отуруп эле буйрутма алып киийм тиге баштады. Бала менен кантип жетишип жатты билбейм. Жумушун мыкты аткарат. Колунан баары келет. Мендей жалкоо эмес. Жумуштан келсем мага баланы карматып коюп, базарга кездеме алганы жөнөйт.

Түнкүсүн ал жок уктабайм. Баланы жаткырып коюп, жанына барып бир нерселерин кармалашам. Кыркып берем, топчусун кадайм. Таңга жуук уктап алып, кайра ишке жөнөйм.

Буйрутма көбөйө баштады. Анан аялым жанына эки кошуна келинди алды. Мен түшкү тамактануу маалында даяр болгон буйрутмаларды ташып иштей баштадым. Үйгө келатканда мага чалып кандай жип, кездеме ала келиш керек экенин айтып коет.

Аялым кыйын. Акылдуу. Баарына жетишип жатты. Ортодон дагы балалуу болдук. Мен жумуштан чыктым. Ал жакка караганда аялыма шопур болуп иштесем көбүрөөк табам. Колумдан бир нерсе гана келет – колдоо. Мен колдоп гана жардам берип жаттым. Калганын баарын келинчегим өзү бүтүрдү. Тоскоол болгон жокмун. Кээде балдарды алып айылга кетип калып жаттым. алаксыбай, тынч иштесин деген эле оюм.

Бутубузга турдук. кыйналып жашаган жашоо артта калды. Кымбат кафеден тамактануу, сапаты жакшы кийим кийүү кандай экенин билдим. Мурда өзүм элестете албаган нерселдерге жеттим. Көрбөгөн нерселерди көрдүм. Мунну баары аялымдын арты менен болду. Анан мен эмнеге аялымдын кыйын экенин моюнга алып мактанбашым керек.  

Азыр чоң цех иштетет. Жумушчулары абдан көп. Экөөбүз ар дайым кол кармашып чарчап үйгө келебиз. Мурдагыдай эле ал мен жок, мен ал жок уктабайм.

Баса, кечээ уктар алдында аялым мени катуу кучактап, “рахмат” деди. Эмне үчүн экенин билдим. Демек, убагында туура кылыпмын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Боз үйдө аза тартып отурсам

Боз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.