AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялыма "жаным

Аялыма «жаным, сени сагындым» деп жазган ким экенин билип шок болдум

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ээ достор! Балээнин баары башта деген чын экен. Ойлорду оңдосоңор эле баары жакшы болот экен. Кыскасы силерге бир күлкүлүү, ошол эле убакта сабак болгон  окуямды айтып берейин.

Досум кызынын тушоо тоюна чакырды. Келинчегим экөөбүз балдарды атама таштап, эки сааттай урушуп жатып кийинип, акыры жөнөдүк. Беште башталчу той сегизде араң башталды. Күтүп отуруп чарчадык. Бийлеп жыргайбыз деп келатканбыз, көңүлдүн баары өлдү. Өзгөчө меники, дароо маанайым түшүп калат. 

Келинчегим улам чыгып бийлеп жаткан. Мен столдо болгон нерселердин баарын даамдап отургам. Жанымда досумдун аялынын курбулары отурган. Аларга деле маани берген эмесмин. Бир маалда келинчегим келип телефонун таштап, дагы бийлегени кетти. 

Бир досум келип учурашып калды. Аны менен сүйлөшүп отурсам, аялымдын телефонуна ватсаптан кат келип түштү. Эми паролун деле билбейм, жанагы экранынан чыгып жатты. 

«Жаным, сени сагындым. Качан бүтөтө ал тоюң?» Шок болуп туруп калдым. Көп өтпөй экинчи кат келди. «Жакшы бийлеп жатасыңбы?» Алаканым тердеп, кызарып чыктым. Ачууланган деле жокмун. Дагы эле шок абалындамын. 

«Үйдөгүлөрүңө качан айтасың?», «Мен сени сүйөм, экөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз!», «Мен сени бактылуу кылам!», «Жооп берчи, кайдасың?» ж.б. Телефонду карап отура бердим. Ажырашым! Дароо ушинтип ойлодум. Тиги жакта бийлеп жатканы аялымды ушундай карадым. Балдарыбызды ойлобойбу? Кантип ушул жолго барды? Ээ достор, эмне деген гана ойлорду ойлободум.

Бир маалда бир кыз чуркап келип алдымдагы телефонду алды. 

— Ай, ал меники?

— Бул менин телефонум байке, унутуп кетипмин.

— Жок ай, ал келинчегимдики.

— Тигине сиздики турат.

Жанымда турган стулдун үстүндө экен. Көрсө аялым экөөнүн телефону окшош турбайбы. Келинчегим келип калды. Ушундай уялдым. Анын бетин карай албай кыйналдым. Жаман ойлорумдан уялдым. Анан жай музыка башталды. Келинчегимди бийге тарттым. Бийлеп жатып, кулагына жөн гана кечирип койчу дедим. Түшүнгөн деле жок. Бирок, мага ал маанилүү эмес эле. 

Оюңарды оңдогула, кыскасы. Анан шашып чечим чыгарбагыла. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамды 10 баласы менен таштаган атам бутубузга турганда кайтып келди

Апамды 10 баласы менен таштаган атам бутубузга турганда кайтып келди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.