AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялыма "зато" карыганда бактылуу жашайбыз" деп айтканыма өкүндүм

Аялыма «зато» карыганда бактылуу жашайбыз» деп айтканыма өкүндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен жеңилдим. Мени убакыт жеңди. Азыр мени карап шылдыңдап күлүп отурат. Аны менен урушкум келди. Жерге көтөрүп чапкым келди. Бирок, колума кармай албайм. Артка кайтара албайм. Мен анын алдында алсыз экем. 

Бир гүл. Бир гүл. Бир гүл бербегениме өкүнөм. Гүлдүн акчасын карылыкка деп сактаганыма өкүнөм. Мен жаштыгымды өткөрүп жибергениме өкүнөм. Баалуу күндөрүмдү өткөргөнүмө өкүнөм. 

Бүгүн кыркылыгы болду. Кырк күн болду. Жылуу жуурканда, жанымда эмес, муздак топурак астында жатат. Сулуум менин, кечир мени.  Мен сенин жаштыгынды карылыкка жылдырганыма кечир. Аттиң, карылыкты чогуу өткөрөбүз дегем. Бирок, ал учурда могу нерсенин баары кереги жок болуп калат тура. 

Мен тапканымдан баарын чогулта берчүмүн. «Карыганда жыргап жашайбыз» деп көп айтчумун. Өзүмдөн, аялымдан, балдарымдан баалуу нерселерди аядым. Майрамдарда гүл алып бербедим, арзан продукты сатып алдым, торт жегенден баш тарттым. «Любой» жерден үнөмдөп жашачумун. Жаш туруп кийингенибизди, жегенибизди көрсөңөр. Мынча акылсыздык кылдым…

Карыган адамга акчанын деле кереги жок экен. Карыганда жаш кезиңде кылгандарды эстеп, жыргап жашайт экенсиң. А мен эсте каларлык эч нерсе кылбапмын. Кечир сулуум, сенин дагы тагдырыңды талкаладым.

Мен карылыкты жалгыз тосорумду кайдан билдим. Сага деп чогулткан акчаларымды эмне кылам. 

Азыр жашагыла. Бүгүн жашагыла. Эртең деген нерсе жок. Өзүңөрдөн аябагыла. Ошондо гана убакытты жеңе аласыңар. Аны ошондо гана туура пайдалана аласыңар. Карыганда силерге акча эмес, жаштыгыңарда өткөргөн элестер бакыт тартуулайт экен. Сулуум кечир мени… Сага бакыт тартуулай албадым. Эми балдарыбыздын балалыгын бакытка бөлөйм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.