AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды

Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жаңы эле кошуна жашаган жеңем менен сүйлөшүп бүткөм. Келинчегиме чалыптыр. Сыртта жүргөн. Мен ордуна жооп берип койдум. Телефонду аларым менен учурашпай эле, «ай келин, эртең конок тосом, келип кал» дейт. Өзүмдүн эле жеңем. Ачуум келди. 

«Биринчиден жеңе, саламатсызбы! Экинчиден, ден соолугуңуз жакшыбы? Үчүнчүдөн, меники дагы жакшы, рахмат сурап койгонуңузга. Төртүнчүдөн, өзүңүздүн конокторду өзүңүз тосуңуз. Алтынай (жубайым) эртең жумуштан кеч келет. Чарчап келген неме, кайра сизге барбайт. Менин аялым силерге бекер кызматкер эмес.»

Ооба, баарыңар азыр жазат болушуңар керек. «Ой, андай болбойт», «кызмат кылыш керек», «анын милдети ошо» ж.б. Мен үчүн бул нерселер эч нерсеге татыбайт. Мен аялыма бирөөлөрдүн кызматын кылдырам деп үйлөнгөн эмесмин. Эгер кааласа өзү барып жардамдашат. Каалабаса, демек, каалабайт, анын оюу, сыйлайм. Мен сүйгөн адамым менен күн сайын бир төшөктө уктап, бир төшөктө ойгонууну каалаганым үчүн үйлөнгөм. 

Баса, жаңы баш кошкон кезибиз. Жумушка кетсем, бир тууган таежем келип жардамдашып кой деп келинчегимди алып кетиптир. Кеч кире баштады. Чалсам албайт. Кыш мезгили эле. Үйүнө жөнөдүм. Байкуш аялым суукта, шлепкачан, үстүнө жука куртка кийип алып сыртта толтура идиш жууп отуруптур. Жаңы келген келин унчуга албай айткандарын жасап жүрө берген тура. Бакырдым. «Жок дегенде ысык шорпо берип, үстүнө жылуу бир нерсе жаап койсоңор боло, менин аялым силерге кызматчы эмес!» Келинчегим тим эле кой деп ары тартат. Болбой, айтчу сөзүмдү айтым, жетелеп чыгып кеттим. Өзүңөр деле ойлосоңор, келин эмне адам эмеспи. 

Жеңем менен сүйлөшкөнүмдү апам угуп туруптур. Жаныма басып келип чачымдан сылады. «Азаматсың, уулум. Аялыңды коргоп, сыйлаганың үчүн сыймыктанам. Атаң мени эч качан аяп, коргочу эмес. Анын айынан бардык туугандары мени адам катары көрүшпөчү, сый көрсөтүшпөчү. Башка келиндер төрдө отурса, мен сыртта идиш жууп отурат элем. Ошондо ичимдеги сени сылап, уулум андай болбо дегем. Эми ал күндөр өттү, анда заман башка, азыр башка. Эл айтат калат. Ар дайым жаныңда ушул келинчегиң болот. Аны коргоп турганыңды көргөн неме, сага болгон сүйүүсү, сыйы артат.»

Апам акылдуу аял. Бул сөздөрү үчүн ыраазымын. Анткени, кээде туура эле кылып жатамбы деп ойлоп кетчүмүн. 

Аялым кирип келди. Көздөрү башкача бактылуу. Апамды бетинен өөп, анан мага колундагы барагын сунду. УЗИники экен. Апам келининин бетин өөп, куттуктап жатты. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Сүй

Сүй, изден, чыда: кесип тандоого жардам берген кеңештер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.