Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялым жаңы алган туфлисин кийгенге жетишпей калды

Аялым жаңы алган туфлисин кийгенге жетишпей калды

22 июля, 2026
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Иий, сонун экен! Канчадан мунуң?

— Акыркысы калды эже. Сизге 1000 сом кылып берем.

— Кымбат ай! 900гө берсең алып кетем.

— Макул, көңүлүңүз ооруп калбасын. Алыңыз.

— Иий, сонун экен, ай! Жуман карасаң, жараштыбы?

— Ооба.

Назирага туфли  аябай жакты. Үйгө келип кечке кармалап отурду. Балдар көрөйүн десе да берген жок.

— Эртең жумушуңа кийип барасыңбы?

— Жок ай, муну мындай күндөрдө кийбейт. Кийин жакшылыктарга кийип барам.

Коробкасына салып бекитип койду. 2 жыл өттү. Канчалаган тойго бардык. Ана кием, мына кием деп аяп жүрүп такыр кийген жок. Сурасам убактысы келе эле деп коет. Жаңы бойдон шкафта турду.

— Алло, Жуман Мукамбетов бекен?

— Ооба.

— Бейтапканадан чалып жатабыз. Аялыңыз оор абалда келип түштү. Тезирээк…

— Дарегиңер кандай!

Жумушунан чыкканда машина сүзүп кетиптир. 25 жыл жашаган түгөйүмөн бир заматта ажырап калдым. Жерге бердик. Чоң үйдө жалгыз калдым. Балдар эбак чоңойгон, өз турмуштары бар.

Шкафты ачтым. Баягы туфли көзүмө урунду. Коробкасын ачсам ошол бойдон жаңы. Туфлини кучактап катуу бакырып ыйлап кирдим. «Назира, эми убактысы келгендир!»

Биз адамдар жашообузду дайыма эртеңкиге калтыра берет экенбиз. Балдар чоңойсун, кредит бүтсүн, жаз келсин деп ар кайсы шылтоону айтып, азыр бактылуу болуудан качабыз. Эртең менен кечти күтөбүз. Кечинде таңды күтөбүз. Эртең жок! Түшүнүп жатасыңарбы? Эртең жок! Назирам жок!

Кооз идиштерди, туфлини, кийимдерди өзүбүздөн аяйбыз. Ыңгайлуу учурду күтөбүз. Жаштыгыбызды карылыкка калтырабыз. Бүгүн жашаш керек экенин унутабыз. Анан бир заматта каза болуп калабыз. 

Туфли кийилбеген бойдон таштандыга ыргытылды.

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

22 июля, 2026
3.6k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

22 июля, 2026
3.4k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

22 июля, 2026
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

22 июля, 2026
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ата болгонго чейин бир жыл

Ата болгонго чейин бир жыл, жарым жыл, үч ай мурун эмне кылуу керек?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

22 июля, 2026
3.4k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

22 июля, 2026
3.4k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.