AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялым түрмөдөн чыккыча эмне деген азаптарды көрбөдүм

Аялым түрмөдөн чыккыча эмне деген азаптарды көрбөдүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Аттиң, өлбөчүдөй, түрмөгө түшпөчүдөй жашайт экенбиз… Туура жолдо жүргөн адам деле жаңылышат экен, бирөөгө ишенет экен, анан келинчегимдей болуп камалып кетет экен. Жашоодо баары болот экен. 

Алдамчылыкка шектелди. Дүкөнгө иштечү. Ишканасы чоң суммага банкрот болду. Кызматкерлердин баарын жоопко тартышты. Арасында келинчегим да бар эле. Ызылдап чуркадык. Ал тиешеси жок экенин айттык. Сот залынан ыйлаган боюнча алып кетишти. 

Жетекчиси бир айга өтпөй чыгып кетти. Меники калып калды. Чуркап жүрүп адилет таба албадым. Таба албадым…

Эки баламды кармаган боюнча калдым. Баары «ажыраш», «ташта», «баш тарт» дешти. Аны менен кантип жашарымды сурашты. Ишенесиңерби, колдогон бирөө болбоду. Туугандарым мени жек көрүштү. Досторум сүйлөшпөй калышты. «Ал таза!» деген боюнча калдым. 

Кайын энем экөөбүз калдык. Кезектешип кезигүүгө барабыз. Байкушум соолуп калыптыр. Уруштум. «Тамак ич! Кебетең кантет! Мени ойлосоң! Балдарың күтүп жатат! Эки жыл чыдап кой! Угуп жатасыңбы? Мен таштабайм сени!» Болушунча уруштум. Ыйлап унчуккан жок. «Күнөөң жок экенин билесиң, башыңды көтөр! Мен турамга!» Дагы унчуккан жок.

Кантип таштап коем? Балдарымдын бетин кантип карайм? Жыргап жүргөндө жанында болуп, кыйынчылыкта качып кетемби? Анан кантип тынч жашайм? Жок! Мен акмак эмесмин! Мен күйөөмүн! Мен атамын! 

Башымдан далай оор күндөр өттү. Жумуш алмаштырдым. Эки бала кичинекей аларга караш керек болду. Өзүм да арыктап кеттим. Элдин сөзү мени чүнчүттү. Элге капамын. Бирок сынган жокмун. Кезигүүгө барганды токтоткон жокмун. 

— Ата, туфлимди киенби?

— Ооба, анан, сиңдиңдин сумкасын ала чыкчы. Бол тез, кеттик. 

— Ата, анан апам кетпейби?

— Жок, эми такыр кетпейт. Кетирбейбиз, э?

— Ооба, катуу кучактап алабыз, э?

— Жаным десе, бол тез кечигебиз.

Чыкты. Бизди көздөй чуркап келатат. Кучакташтык. Эки кызым ыйлап жиберишти. Аларга кошулуп мен. Постто турган кызматкер жашып жиберди. 

Кыздарым божурап бул аралыкта болгон бүт окуяларын айтып бара жатышат. Мен келинчегимдин колун кармаган бойдон, машинанын терезесинен сыртты карап баратам. Жүрөгүм эс алды. Биз чогуубуз. Ушуну жеңген, эми башкасын жеңебиз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жол кирени QR-код аркылуу MegaPay’ден оңой жана ылдам төлөңүз!

Жол кирени QR-код аркылуу MegaPay’ден оңой жана ылдам төлөңүз!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.