AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялым менен ажырашкандан кийин элдин сөзүнө киргенимди түшүнүп өкүндүм

Аялым менен ажырашкандан кийин элдин сөзүнө киргенимди түшүнүп өкүндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен чоң ката кетирдим. Эми минтип өкүнгөнүм менен баарын артка кайтара албайм. Баламды өз кучагыма кыса албайм. Түнкүсүн келинчегимдин жытына тойбой, жалгыз уктайм. Менин кур намысым, оюмду өзгөртпөгөнүм, мен айткандай болот дегеним, заман менен алдыга жылбаганым, эски ойлорум жашоомду бузду. 

Бир убакта үйгө келсем «аныңды кетир» деп келинчегимди жамандап тосуп алган туугандар жок. Баары унчукпайт, көздөрүндө күнөөсү бар экени билинип турат, бирок моюндарына алышпайт. Мындай караганда жеңишке жетишти, бирок сүйүнө алышпады. Жок, мен аларды күнөөлөбөйм. Бүт жоопкерчилик менде. Анткени мен бирөөнүн сөзүнө кирдим. 

Апам жамандайт. Жеңем жамандайт. Эжем жамандайт. «Силерге жакпаса сүйлөшпөй эле койгула, мага жагат» деп койбодум. Сонун, билимге умтулган аялымды ыйлаттым. Үйдө отурушун, мен каалаган, туугандарым каалаган нерсени жасашын кааладым. Бирок, бара-бара мага, өзүнө кызыксыз, өз оюу жок болуп калаарын билбедим. 

Баарыбызды сыйлайт. Туугандарыма барган сайын белек алат. Бирок, меникилер аны дагы көтөрө алышпады. Алып барганын жактырышпады. Келинчегим жумушунан көтөрүлсө көрө албай ушакташты. Жакшынакай кийинип, өзүн карап жасанып жүрсө көрө албай ушакташты. Мен баарын көрүп турдум. Унчукпадым. 

Мен бактысызмын. Аялым бир келген жашоодо аны сыйлаган, колдогон, өз оюн бирөөгө таңуулабаган адам менен жашагысы келерин айтты. «Кете бер!» деп бакырдым. Сүйлөшүүгө чакырды. «Кете бер!» деп бакырдым. Кетти. Өкүндүм.

Аялы менен күйөөсү ар дайым бирин-бири колдоп турушу керек. Эч качан өз оюн таңуулап сен мындай бол дебеш керек. Ачык сүйлөшкөндү билиш керек. Укканды билиш керек. Бирөөсүн бирөөсү басынтпаш керек. Кол кармашып бир орунда тура бербей өнүгүш керек. Аттиң, мунун баарын кеч түшүндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Тигүү машинасын тандоо үчүн 4 кадам

Тигүү машинасын тандоо үчүн 4 кадам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.