AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Атоу

«Атоу, мени алып кетчи!» Кызым түндө чалганда жүрөгүм токтоп калайын деди

9 июля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Чуркап чыктым. Галошумду таба албай, кемпиримдин туфлисин кийдим. Машинаны от алдырган бойдон кызымды көздөй жөнөдүм. Секетим менин, атаңды кечир…

Жолдо баратып балачактагы элеси көз алдыма келди. Чачы кызыл, бетин сепкил баскан, башкача кыз эле. Чет элдик кинолордогу актрисалардай болчу. Баары кызымды шылдыңдашчу, ыйлап келгенде алдыма отургузуп алып сооротор элем. Супсулуу кыз болуп бой жетти. 

Ар бир ата-эне баласын бактылуу болсо дейт, жакшы жашаса дейт. Аттиң, бирок өз кыялыбызды таңуулап жатып, алардын тилегин эске албайт экенбиз. Бардар жердин баласы деп, кызымды бейтааныш бир жигитке турмушка узаттым. Өкүнөм.

Той алдында берген убадалар унутулуп баштады. Кызым окуусун таштады, кийин окуйт дешти. Жумушунан чыкты, акча бар дешти. Айтор, апасы экөөбүзгө чалбай да калды. Могу жүрөк тынч эмес эле.

Кызыл камчы, ичет, чегет… Күйөө баламдын анык жүзү ушул болуп чыкты. 

Сыртта ыйлап отуруптур. Кудум кичине кезиндей боорума кыстым. Мурду кан. Могу жүрөк жарылып кетейин деди. «Ата, алып кетчи» деди. Актанган кудаларды уккан жокмун. Күйөө баламды эмне кылганымды айтпай эле коеюн, ар бир ата ушул жолго бармак. Мыйзам чегинде дагы жазасын алдыртам. Милиция күтүп отурдум. Алар келгенден кийин кызымды алып жөнөп кеттим.

Үнсүз бараттык. Кызым сыртты карап баратат. Байушум соолуп калыптыр. Күнөөлүмүн.

— Кечир, атаңды, кызым…

Унчуккан жок. 

— Мен жаныңда болом. Тек гана жаныңда болом. Кечир кызым…

Башын ийниме койду. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм "мени багат" деген тилек менен мага үйлөнгөн экен

Күйөөм "мени багат" деген тилек менен мага үйлөнгөн экен

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.