AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атамдын бул жоругунан кийин апамды өзүм бактылуу кылууну чечтим

Атамдын бул жоругунан кийин апамды өзүм бактылуу кылууну чечтим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Билем мен али жашмын. Кимдир бирөө үчүн өтө эле жашмын. Мен азыр болгону 16дагы жигитмин. Быйыл 10-классты бүттүм. Былтыр окуумду таштап коеюн дегем. Апам чырылдап болбой койду. Ырас эле апамды угупмун. Билим алсам атамдай болбой турганыма көзүм жетти.

Мектепте барганымды атам жактырбайт. Ичип келип алып мээмди жейт. Баш жазганга бир нерсе табылбай калса, үйдө ызы-чуу. Кошуналардын бетин карай албай калдым. Күн сайын сабактан келсем апамды көзү кызыл. Атам дагы ыйлатты да. 

Башында атамды жек көрүп жүрчүмүн. Бой жеткен сайын атамдын алсыз адам экенин билдим. Бөтөлкөгө алы жетпеген адамды жек көрүү мүмкүн эмес эле. Менин көз карашыман сестенип турат. Бир жолу апамды сабайын деп калганда колун кармап калгам. Көзүмдү көзүнөн тике албай карадым. «Апама тийсең, сени жөн койбойм» дедим. Сөгүнүп сыртка чыгып кетти. 

Апам эмне үчүн атамы таштап кетпегенин түшүнө албайм. Кийин деле түшүнбөсөм керек. Апам боорукер, бирок оорукчан болуп калды. Жыл сайын бейтапканага жатып чыгат. Өңү боппоз. Иним жалтактап турат. Карындашым али кичинекей эч нерсе түшүнбөйт.

Каникулда телефон саткан байкеге жардам берип иштеп жүргөм. Тапканыма үйгө продукт, апама дары алам. Чарчап үйгө келсем атам кийимдерин чогултуп жатыптыр. Апам бурчта ыйлап отурат. 

«Мен сени менен жашабайм. Балдарыңды өзүң бак. Ооба, башка аял таптым. Мени багат. Сага окшоп оорукчан эмес.» Сөгүнүп дагы жатты, сүйлөнүп дагы жатты. «Апама сөз тийгизбе!» Мени көрүп токтоп калды. «Э….балдары» деп бизди дагы бир сөктү. Алдынан чыккан итти тээп, сыртка чыгып кетти. Апамы кучактадым. Байкуш апам, арык, алсыз, апам ыйлап жатты. «Мен бармын апа, мен силерди багам, ыйлабаңызчы» дедим. Чачыман сылап, «менин уулум, мен сүйүнүп жатам» деди. 

Ал түнү баарыбыз тынч уктадык. Эртеси иним менен базарга түшүп чогулткан акчама продукт алып келдим. Карындашымдын туулган күнү. Бирге чыкты. Биринчи жолу тынч отуруп тамактандык.

Мен мунун баарын силерге эмнеге айтып жатам. Убагында «алкаштын баласы дагы, алкаш болот» деген сөздөрдү уккам. Бирок, мен атама окшошпойм, билим алам, чоң адам болом. Бир туугандарыма үлгү болом. Апамды бактылуу кылам. Өзүмө сөз берем.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Болочок кайын энем байдын кызы экенимди билип дароо өзгөрдү

Болочок кайын энем байдын кызы экенимди билип дароо өзгөрдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.