AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам эмне үчүн кыз узатуумда эшикке чыкпай койгонун билип ыйладым

Атам эмне үчүн кыз узатуумда эшикке чыкпай койгонун билип ыйладым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Атам кана?» Баарыбыз издеп калдык. Мен атам менен коштошмойун машинага түшпөйм дедим. Иним үйгө чуркап кетти. Апам жанымда, атам жок. Мен үчүн маанилүү болгон күндө узатпай коебу?

Атам оор басырыктуу киши. Өтө сүрдүү. Көп сүйлөбөйт. Жумушуна барып келет. Үйгө келип мал менен алек болот. Кечкисин китеп окуйт. Кээде биз менен отуруп ютубдан кино көрөт. 

Атам бизди жүрум-туруму менен тарбиялады. Китеп окуганын көрүп биз китеп окудук. Үй иштерин жасаганын көрүп биз жумуш жасадык. Эл алдында өзүнүн алып жүргөнүн көрүп биз башыбызды көтөрдүк. Апама көрсөткөн сыйын көрүп бирөөнү сыйлаганды үйрөндүк. Кийингенин көрүп биз кийиндик. 

«Атаңар аябай сүрдүү ээ, коркпойсуңарбы?» Классташтарым ушинте беришчү. Эмнеси сүрдүү деп ойлочумун. Бирок, чоңойгондо чын эле ошондой экенин билдим. «Азамат кызым» деп эле чачыман сылап коет. Ушул нерсе эле мен үчүн баалуу эле. 

Иним келди. Көздөрү жашылданып калыптыр. 

— Атамды таптыңбы?

— Ооба…

— Баары жакшыбы? Кайда экен? Эмне болду?

— Сиздин бөлмөдө отурат. 

Инимдин ыйлаганын көрүп үйгө чуркап жөнөдүм. Артыман туугандар келаткан, иним аларды токтотуп койду. 

Бөлмөм. Атам мамалагымды сылап керебетимде отуруптур. Эшикти ачсам шарт мени карай калды. Болушунча ыйлап алыптыр. Чуркап барып кучактадым. Атам мени катуу кучактап, ыйлай берди. 

«Сенин бой жеткениңди кабыл алалбай жатам кызым. Ар дайым жумуштан келгенде дароо ушул бөлмөгө келип, сенин уктап жатканыңды карап тура берет элем. Көзүңдү ачып алып уктачусуң. Оозуңдун баары шоколад. Апаң экөөбүз бетиңди жууп жатканды эч эле үйрөтө албадык (жылмайып). Чынын айтайынбы, мага ошол бетиңди өпкөн жакчу. Ар дайым таттуу элең, кызым. Эми минтип кетип баратасың. Чачын ак баскан атаң эми кимди карайт кызым…»

Биринчи жолу атамды мындай абалда көрүшүм. Ыйладым. Макияжымдын баары атамдын ак көйнөгүн булгады. Анан экөөбүз ээрчишип конокторго чыктык. Атам чекемен өөп, күйөө баласы экөөбүзгө батасын берди.

Ата мен сизди жакшы көрөм…

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Балаңызда бул белгилер байкалса

Балаңызда бул белгилер байкалса, башка мектепке которуу тууралуу ойлонуңуз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.