AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам апамдын сүйгөнүн издегенин айтып берип ыйлатты

Атам апамдын сүйгөнүн издегенин айтып берип ыйлатты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Бул катты жазуу мен үчүн оор, ошол эле убакта мени жеңилдете турчу бир ыкма… Атаман айрылганыбызга бүгүн туптуура үч ай болду. Атам мыкты ата болду. А мен кандай ата болдум экен? Бирок, мыкты күйөө боло албады. А мен кандай күйөө болдум экен?

Апамды ала качып алганын бой жеткенде билдик. Маани деле берген эмеспиз. Эми ал кезде, баары эле ушинтип баш кошушкан деп ойлоп койгонбуз. Бирок, биз апамдын жүрөгүн ойлобоппуз.

Атам менен апам мыкты ата-эне болушту. Бирок, мен экөөнүн ортосундагы чоң сүйүүнү сезе алган эмесмин. Экөө мени жетелеп баратканда, ортосундагы муздактык мени үшүтүп жиберчү. Бала эч нерсе сезбейт деп ойлобогула. Бала баарын сезет. Атасы менен апасы бири-бирин сүйбөй турганын биринчи кезекте сезет. 

Экөө бири-бирине сый менен мамиле кылышчу. Бир да жолу урушканын көрбөдүм. Бирок, бир нерсе жетишчү эмес.

Апамды ала качып алыптыр. Ал учурда апам башка менен сүйлөшчү экен. Билишимче, жигити алып кеткени келгенде таятам апама тандоо койгон. Апам байкуш ата-энесин кыя албай, отуруп калат. Атам сүйүнөт. Апам ыйлайт.

Атам көп жыл ооруду. Апам жанынан чыкпай, дарыгерлерге ташып жүрдү. «Мени кечирип кой» атам ар дайыма апама ошентет эле. Апам баары жакшы дегени менен, көздөрү башкача муңдуу эле. Апам атамды ушунчалык сыйлайт, бирок сүйбөйт.

Мен үйлөнгөндө атам кыз мени сүйөбү сурады. Ооба, дегеден кийин гана бата берди. 

«Мен алсыздык кылдым. Апаңардын сүйүүсүн буздум. Билип туруп, апаңардын каршы болгонуна карабай мажбурлап никеге турдум. Өкүнөм, уулум. Бирок жол жок болчу. Жыл өткөн сайын бул менен жашоо оор болду. Апаңар мени сүйө албай койду, сүйдүрө албай койдум. Бир убактарда ал жигитти издеп көрдүм. Кайтыш болуп кетиптир. Эгер тирүү болсо, башы бош болсо, баарын оңдойт элем.» Атам мага ушинтип айтты. Эч кимге айтпа деди. Айтпадым. 

Бул нерсе мага чоң сабак болду. Сүйбөгөн адамды мажбурлап жашоо туура эмес экенин билдим. Бир келген өмүрүн өкүнүү менен өткөргөн ата-энемди көрүп башкача бүлө курам дедим. Балдарымдын кыйналбашын кааладым. Жар тандап жатканда буларды эске алдым. 

Апама боорум ооруйт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Демократиялык мамлекеттер согуш ачпайт

Демократиялык мамлекеттер согуш ачпайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.