AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энем “эртең башкасы менен жата калып дагы төрөсөңчү

Ата-энем “эртең башкасы менен жата калып дагы төрөсөңчү, сени алдаш оңой” деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Күйөөсүнөн кордук көргөн жаш келин редакциябызга кайрылып, өз окуясын айтып берди. 

Ойноштору менен кармап алган күндөрүм болду

Бир үйдүн жалгыз кызымын. Ата-энемдин мени окутабыз деген тилеги күч эле. Университетке тапшырып, шаардан үй, машина алам деген максаттарым бар болчу. Азыр эки балам менен кайда барарымды билбей турам.

Мектепти бүтөөрүмө аз калганда бир жигит менен таанышып, аны катуу сүйүп калдым. Жай мезгили эле. Акмактык кылып кыздыгыман ажырадым. Ошентип ал Москвага кетти, мен шаарга жөнөдүм. Көп өтпөй жигитим кайтып келип, чоң той берип турмуш курдук. Башында  баары сонун болчу. Көңүлүмө карап, айтканымды аткарат дегендей. Бактыбыз көпкө узабады.

Менден бекинип кыздар менен жазыша баштады. Кийин жолугушууга өттү. Башында уруш чыгарчумун. Эми минтип ар ким менен жатып жүргөнүн билсем да унчуга албайм. Токмоктойт.

Ойноштору менен кармап алган күндөрүм болду, сүрөттөрүн көрдүм, атүгүл элдер айта баштады.

Эсине келип калабы деп баарына чыдадым. Аттиң, адатын токтотподу. Үй-бүлөсүн ойлобойт. Кайын атам менен кайын энемди да укпайт. Эл катары кийинтпейт. Бир курут алып бергенге жарабайт. Иштейин десем үйдөн чыгарбайт. Чогуу жашаган 4 жыл ичинде көрбөгөн кордукту көрсөттү. Үмүтүмдү үзүп балдарымды жетелеп ата-энемдин үйүнө жөнөдүм.

Мени зордуктаган жигит үйлөнөм дегенинен сотко арыз жазбай койгом

Жумушка орношуп, бутума турайын, балдарымды багайын деп келечекке жакшы пландарды коюп келаткам. Үйдөгүлөрүм эмне дегенин укпайсыңарбы, “Эртең башка бирөөнү көрсөң, аны менен жата калып дагы балалуу болсоңчу, сени алдаш оңой эле. Ажырашканың менен мына жаныбызда жүрөсүң”,-дешти. Аларды түшүнөм, айылда жумуш жок, анын үстүнө байкем аялы менен үйдө.

Канткенде бактылуу болом? Күйөөмдүн токмогуна, кыздар менен жүргөнүнө көз жумуп жашай берсемби? Ата-энеме мага бир мүмкүнчүлүк беригиле деп кантип көндүрсөм?

Адис кеңеш берет

Виталий Пукаев,

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Сиз кабылган кырдаал жөнөкөй эмес. Эки балаңыз бар экен, милдеттериңиз көп, эмне кылуу керек экенин билбей турган кезиңиз. Сыягы үй-бүлөңүз чечим кабыл алууңузга тоскоол болбой, чоң той өткөрүп, ар бир башталышта колдоп турган. Сыягы сиз азыр өз жашооңузду калыпка келтирүү жана жумушка орношуу боюнча чечим кабыл алып койгонсуз. Бул чынында эле зарыл болгон нерсе.

Бирок катыңызда тактык жок. Чечимдериңизде “же-же” деген арсар ойлор камтылган: же кыялдарыңыз менен каалооңуз, же ата-энеңиз. Ата-энеңиз менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз, алар кандай жардам берүүгө даяр жана анын ордуна сизден эмне күтүшөт билиңиз.

Күйөөңүз тараптан агрессияга туш болгонуңузга жана никеде төрөлгөн балдарды каржылык жактан камсыздоо тууралуу макулдаша албаганыңыз абдан кейиштүү. Балким, бул суроо менен мыйзам чегинде, айталы расмий түрдө чечүү керек.

Ооба, жашооңузда көп нерселер болду, бирок үмүт үзүүнүн кереги жок. Ар дайым кыйынчылыктар бизге мүмкүнчүлүк бере турганын унутпаңыз. Эмнеден баштоо керек? Биринчиден, колуңузда кандай ресурстар бар ойлонуп көрүңүз, экинчиден каалоолорду жана керектөөлөрдү кайра карап чыгыңыз, үчүнчүдөн, кыйынчылыктан чыгуу үчүн кандай жолдорду көрүп турасыз аныктаңыз.

Биз бир гана өзүбүзгө таяна алабыз, ал эми жардам алуу үчүн сүйлөшүү керек.

Катыңызда суроолор көп: эмне кылуу керек, эми эмне болот, жеке жашоомду кантип түзөм ж.б. Бул суроолор – тандоо суроолору. Кыйынчылыктар жана көңүл калуулар тандоону кыйындатат. Бирок чечимдерди ар дайым белгисиздик шарттарда кабыл алуу керек. Эч нерсеге эч кандай кепилдик жок. Болбоду дегенде сизде тажрыйба пайда болот жана ал маселелерди чечүү жөндөмүнө ээ кылат.

Эгер каалоолоруңуз күчтүү болуп, максатыңызды көрүп, аракет кылууга даяр болсоңуз, анда ийгилик кааалайм. Жол таппай жатсаңыз, башыңыздан өткөн нерсени жана кайда баруу керек экенин кылдат изилдеп чыгыңыз. 

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем менен кайын сиңдиме таштап кеткен үйүм таанылгыс болуп калыптыр

Кайын энем менен кайын сиңдиме таштап кеткен үйүм таанылгыс болуп калыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.