AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ар бир эркек аялдын оргазмы тууралуу сөзсүз билиши керек болгон 6 нерсе

Ар бир эркек аялдын оргазмы тууралуу сөзсүз билиши керек болгон 6 нерсе

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Эркектер көпчүлүк аялдар оргазмды имитация кылаарын билишпейт. Bilesinbi.kg бүгүн оргазм деген өзү эмне, ага кантип жетип жана жеткирсе болоорун айтып берет.

Оргазм – толугу менен мээден көз каранды, биз аны мыкты секстин белгиси катары көрүп, сыртынан байкай алабыз деп чын жүрөгүбүздөн ишенебиз. Келиңиз, кайсы жерден ката кетирип жаткыныбызды билип көрөлү.

Эркектер аялдардын оргазмы тууралуу эмнелерди билиши керек?

  1. Тышкы белгилер оргазмдын көрсөткүчү эмес

Карышуу, онтоо, өнөктөшүнүн жонун тытуу, кайкалоо – бул оргазмдын белгилери эмес. Медиа жана порно кинолор оргазм тууралуу жаңылыш стереотип жаратып койгон. Нейробиолог, доктор Николь Прауз атайын изилдөө жүргүзгөн. Анын максаты кайсы сырткы белгилер оргазм болгонун даана көрсөтөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы: «эч кандай» болуп чыккан.

Николь Прауздун айтымында, көптөгөн аялдар оргазм учурунда өздөрүнүн абалын эч кандай сырткы белгилер аркылуу көрсөтүшкөн эмес.

  1. Аялдар жыныстык катнашты токтотуу үчүн онтойт

Статистикалык маалыматтарга ылайык, аялдардын көпчүлүгү оргазмды имитация кылышат: 67%ы анда-санда, 25%ы ар бир жыныстык катнашта. Бирок, эркектердин 20% ы гана өнөктөшү ырахат алганын имитиция кылып жатканын билет. 

Эркектердин көбү оргазмдын далили катары онтоону эсептешет.

Бул изилдөөчүлөргө кызык болуп, жыйынтыгында аялдардын үчтөн бир бөлүгү үнүн күчөтүү менен оргазмды имитация кылаарын далилдешкен. 

  1. Оргазмды талап кылуу ага жетүүгө жардам бербейт

Клиникалык психолог, профессор Шарлин Мьюленхард изилдөөлөрүндө эркектер аялдардын оргазмын өздөрүнүн ишинин сапатынын көрсөткүчү катары бааларын аныктаган. Тактап айтканда, эркек аялдан өзү үчүн алгылыктуу реакция алмайын, ишин бүтүрбөй, уланта берет. Бул деген өнөктөшүбүздүн реалдуу сезимдерине караганда, сырткы белгилерге көбүрөөк көңүл бурарыбызды билдирет.

Мисалы, оргазм алганга чейин, алып жатканда жана алгандан кийин аял кандай көрүнөөрүн бул сүрөттөн байкасаңыз болот. Сүрөттү өзүнүн О Project долбоорунун алкагында бразилиялык фотограф Маркос Альберти тарткан.

  1. Ошентсе да, оргазмдын тышкы белгилери бар

Оргазм – бул омуртка аркылуу мээге өткөн күчтүү нерв сигналы. Андыктан анын кээ бир физикалык белгилери бар, бирок, аларды байкоо жана аныктоо кыйынга турат. Акушер-гинеколог Лиза Мастерсон аял оргазм алып жаткан учурда кандай белгилер болоорун айтып берди. Биринчи кезекте, жүрөгүнүн согушу тездейт, кызыл ашыгынын, бут манжаларынын, эң негизгиси, жыныс кынынын булчуңдары кысыла баштайт. Андан кийин оргазм болуп, көздүн каректери чоңоюп, клитор пульсациялайт. Бул нерсени эриндер аркылуу сезүүгө аракет жасап көрсө болот.

Жыйынтыгында, эгер эркек жакшылап аракет кылган болсо, жүрөгүнүн катуу согушунан жана булчуңдардын жыйралуусунан улам аял тердеп чыгат.

  1. Оргазмга мээ жеткирет

Аялдардын төрттөн бир бөлүгү гана ар дайым жыныстык катнаш учурунда оргазм алат. Ага жетүү жыныстык катнаштын узактыгына, жыныс мүчөнүн өлчөмүнө, эркекке болгон мамилесине коз каранды эмес. Бул жерде эки жагдай бар:

Биринчиси, аял өзү оргазмга жетиши үчүн эмне кылыш керек экенин так билет жана бул тууралуу сизге айтат. Бул учурда аны угуп, айткандарын жасоо керек.

Экинчиден, аял өзү оргазмга жетип көрө элек жана эмнени каалап жатканын айта албайт. Мындайда жеке тажрыйбаңызга таянууга туура келет. Бирок, эсиңизде болсун, аял оргазмга кантип жетүү керек экинин билбесе да, учурда ага жагымдуу болуп жатабы же жокпу түшүнөт, андыктан кысым көрсөтүүнүн кереги жок.

Оргазм мээде болоорун унутпаңыз!

Кээде процесс учурунда жок болуп кетиши мүмкүн, мисалы, позаны алмаштыруу оргазмды алыстатып же чочутуп коюшу ыктымал. Ошондой эле, аял эч эле оргазмды кармай албай жатканын түшүнсө, бул нормалдуу, төшөктө алсыз экениңизди билдирбейт. Оргазм алууга аял даяр болсо да, мээси даяр боло элегин түшүндүрөт.

  1. Ар кандай ыкмаларды колдонуу оргазмга бат жетүүгө жардам берет

Австралиялык изилдөөчүлөр 5000 гетеросексуал эркектерди  жана аялдарды сурамжылоого алышкан.  Эркектердин 95 — 98% ы ар кандай иш –аракеттерден улам оргазмга жетишсе, аялдардын 50%ы жыныс кынына кирүүдөн, 71%ы жыныс мүчөсүн сылап сыйпоодон, 86% вульвага болгон массаждан, вагиналдык кирүүдөн жана куннилингустан оргазм алаары аныкталган.  

Ошондой эле, аялдардын 8%ы гана вагиналдык кирүүдөн оргазм алаары тууралуу далилдеген изилдөөлөр бар.

Демек, айымдын клиторун стимуляциялоо, кол менен сылап-сыйпоо, куннилингус жасоо, оргазмга жеткирүүгө өбөлгө болот.

Кийинки жумада аялдар оргазм тууралуу эмнелерди билиши керек экенин айтып беребиз. Маалымат бул жерден алынды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Бел суусу кеч түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.