AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апам күйөөмдү өзгөчө жакшы көрөт. «Боорсогум» деп эркелетет. Ооба, күйөөм толмоч келген, курсактуу жигит. Күйөөм дагы жаш баладай сүйүнөт. Апама өтө жакын. Күн алыс чалып сүйлөшүшөт. Апам каза болгондо күйөөм башкача бакырып ыйлады. Ал үнү дале эсимде.

«Эне мээримин сенин апаңдан алдым. Өз апам мени чоң энеме таштап кетип калган. Ким экенин деле билбейм. Ар кайсы туугандын үйүндө каргыш угуп чоңойдум. Апаң экөөң мени жибиттиңер. Сен сүйүүң менен, апаң мээрими менен таш жүрөгүмдү жибитти.» Күйөөм ушинтип айтканда таң калгам. Эмне дээримди билбей туруп калгам. Жаныма келип кучагына алганда көзжашым өзү агып кирди.

Апам оорудан узак оорудан улам кайтыш болду. Кыйналган жок. Жылуу төшөктө, неберелеринин, уул-келиндеринин маңдайында жылмайган боюнча узап кете берди. «Боорсогум келдиби, колумду кармасынчы» деп күйөөмдү жанына чакыртып алды. Анан байпагынын кырынан чогулткан тыйындарын алып чыгып неберелерине таратып берди. Дептердин бүктөгөн барагын күйөөмө карматты. Терең дем алды. Чыгарган жок. Апаа!

Айылдагы үй энсиреп калды. Байкем менен жеңем жашайт. Бирок чачын ак, бетин бырыш, көзүн мээрим баскан апам жок. Айылга баргым келбей калды. Күйөөм эле болбой, ар бейшемби күнү апамдын мүрзөсүнө алып жөнөйт. Жүрөгүм канайт. Куран окупа, бир сыйра ыйлап алып жөнөп кетебиз. Бул жолкусунда кат эсибизге түштү. 

Үйгө шашып келдик. Күйөөм курткасынын чөнтөгүнөн баягы баракты алып чыкты. 

«Боорсогум. Апаң сени таштап кетип жатат. Мен сени өзгөчө жакшы көрдүм. Кызым бекеринен таарынган жок. Келгенде эле мага кылган мамилең жакты. Ийилип гөлөчүмдү алып бере калсаң, жүрөгүм жылый түштү. Кызымдын сени менен бактылуу болуп жүргөнүн көрүп, мен бактылуумун. Оорусам дары ташып, суусам суу бердиң. Кызым экөөңө батамды берем, ыраазымын. Үйүңөргө барган сайын кой союп сыйлаганыңды көрүп ыраазы болуп кайттым. Катуу урушсам дагы апалап турдуң. Боорсогум, ушул адамгерчилигиңди жоготпо, кызымды ыйлатпа, болбосо таарынам. Көп жыл жашагыла. Менин артыман келгенге шашпагыла. Батамды берем.» 

Күйөөм тиземди кучактап алып ыйлап жатты. Улуу балам атасын таң калып карап турду. Мен башын сылагандан башка аргам калбады. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне?

Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.