AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам тамактын тузун ашырып жасаса атам мындай кылат

Апам тамактын тузун ашырып жасаса атам мындай кылат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Аут”, “От сетка”, “Тос, тос”, “Тууй ата, аут топту эмнеге алдың?”. Апам волейбол ойноп жатканда атам жөн карап тура албайт. Күйүп-бышып апам менен кошо залда чуркайт. Демейде өзү  “болеть” этип келген. Оюн бүткөндөн кийин чуркап барып кучактап өөп, суу берип, терин арчып, “азамат, жакшы ойнодуң”, — деп, жылуу сөздөрүн айтат. Жанында ар дайым аптечка ала жүрөт. Кулап түшсө чуркап барып, тизесин үйлөп зеленка сүйкөп берет.

Бул ирет оюнга өзүбүз менен кошо алты айлык инимди ала келгенбиз. Атам ага сүт берип, памперсин которгонго жетишип жатты.

Атам менен апамдын баш кошконуна он беш жылдай болуп калды. Үч бир тууганбыз. Мен үйдүн эң уулусумун. Менден кийинки бөбөгүм алты жашта. Эң кичүүсү алты айлык.

Атам кандай адам экенин айтып берейинби? Анда угуп тургула.

Апамдын кирпигине чаң жугузбайт, эч качан жаман сөздөрдү айтып көңүлүн оорутпайт, апамдын сөзүн укпай койсок бизди урушат, жасаган тамагын ар дайым мактап жейт (бир-эки жолу тузу өтүп кетсе да мактаган), бөбөгүмдү өзү алып калып салондорго жиберет, көйнөк сатып берет, үй иштерине жетишпей жатканда кол-кабыш кылат, ооруп калса жумушунан суранып келет, туулган күнүндө сюрприз жасайт … Охх, чарчап кеттим, бир күндө мунун аягына чыга албайм, иши кылып атам сонун адам экенин түшүндүңөр да.

Карапайым эле үй-бүлөбүз. Кээде нанга жетпей калган учурлар болот. Ошондо да атам кейип-кепчибей, шабашка кылып келе коет.

“Ден соолугуңа пайдалуу болот”, — деп, апама волейбол ойногонду атам үйрөткөн. Турнирлерди өзү издеп таап, апамды алдын ала жаздырып коет. Бир да оюнун калтырган эмес. Ар дайым колдоп-коштоп бакырып, дем күч берет.

Классташ кыздарымдын бирөөсүнүн да атасы меникиндей эмес.

Кошуна эжелер апамды көрө албайт. Эмне үчүн экенин айтпай эле коеюн. “Ии, күйөөң алып бердиби, жакшы экен”,-деп мурдуларын чүйрүп сүйлөшөт. Апам аларга көңүл бурбайт. Тек гана күлүп кутулат.

Жыл өткөн сайын ата-энемдин сүйүүсү, бири-бирине болгон жылуу мамилеси күчөп барат. Мен аларды карап суктанып отура берем. Чын, экөө бир да жолу катуу урушкан эмес. Биздин үйдөн ар дайым күлкү угулат. Сабактан келатып бул нерсеге күн сайын күбө болом. 

Менин бир тилегим бар. Кийин күйөөм атама окшош болсо экен. Ошондо мен да апамдай бактылуу аял болом.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Корейлердей жаш анан сулуу болгуңуз келсе

Корейлердей жаш анан сулуу болгуңуз келсе, бул тамакты жасап жеңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.