AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам келинине эмне деп айтканымды угуп мени үйдөн кууп чыкты

Апам келинине эмне деп айтканымды угуп мени үйдөн кууп чыкты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Колдоо издеп барган жаным жамбашым ачышып, чындыкты угуп келдим. Апама башында таарынып, бултундап чыгып кеткем. Үйгө келгиче беш эчким тарап, баарын жакшылап ойлондум. Чын эле, апам айткандай, Жамилядан (келинчегим) бир жамандык көргөн жокмун. 

Досторум  «эмне жасана баштадың» дешкенде эле кеп бар болчу. Аялым «жуунуп аласыңбы» деп эркелеп карап койсо эле душка жөнөйм. Күн сайын душка түшүп кадимкидей жагымдуу жыттана баштадым. «Муну кийип аласыңбы, сага жарашат» деп футболка берет. Аны кийсем көчөдөн кыздар кылчая карайт. Чындап эле сулуу болуп калдым окшойм деп коем. Жумуштан эжелер духимди мактайт. Ал духини келинчегим белекке берген.

Сырткы дүйнөм гана эмес, материалдык жактан дагы өзгөрдүм. Жумуш болбой кейип келсем, келинчегим, «сенин колуңдан баары келет, ошого кейип отура бересиңби» деп койсо, маанайым көтөрүлүп калат. Колуман баары келерине ишенип, көп жумуш аткара баштадым. Машина алдым, жер алып, там сала баштадым. 

Бир жума мурун экөөбүз болбогон нерсенин айынан таарынышып кеттик. Ачуум менен «сага үйлөнгөндөн бери бир жакшылык көрбөдүм» деп айтым алдым. Кайра кечирим сурабастан барып жатып алдым. Ыйлап отурган, эртең менен турсам үйдө жок экен. 

Күнөөлүү адам өзүн кандай сезерин ошондо билдим. Телефонумду жүз жолу алып, кайра ордуна койдум. Кат жазып, кайра өчүрдүм. Анан апама жөнөдүм. 

Колундагы кол аарчысы менен жамбашыма чапты. «Бала болбой сен кургур, келиниме эмнеге айтып айтасың. Жакшылык көрбөй анан эмне кылып жүрдүң. Кебетеңди карачы, ушунун баары келиним кылды. Мени уят кылып, кир, анысы аз келгенсип жыртык футболкаңды кийип жүрчү эмес белең. Аялыңдын баркына жете албасаң, эртең эле жашоо ордуңа коюп коет. Тур, мага чоң иш кылганыңды айтпай, келинимден кечирим сура. Эмкиде экөөң келбесең, башыңды жулам.»

Телефон чалдым. Курбусунукунда экен. Дароо бардым. Эшикти өзү ачты. «Кечирип койчу» жерди күнөөлүү карадым. 

— Мен сени дароо келет экен деп күткөм.

— Апама барып калдым.

— Апам жакшыбы? Бир нерсе болдубу?

— Баары жакшы, кабатыр болбо. 

— Жамбашынды эмне кармап жатасың?

— Апам катуу чапты.

— Эмнеге? (күлүп)

— Келинине болушту.

Экөөбүз каткырып кирдик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул 6 себеп эркектердин чачы эмнеге түшөрүн билдирет

Бул 6 себеп эркектердин чачы эмнеге түшөрүн билдирет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.