AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Аның ар ким менен жаткан" деген сөзгө ишенип

«Аның ар ким менен жаткан» деген сөзгө ишенип, тоюбузду бузган жигитиме рахмат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Канча деген көз жашым төгүлдү. Атам менен апама чоң рахмат. «Кызым, биз сага ишенебиз”, “эмне гана болбосун сени жакшы көрөбүз” деген сөздөрү эле мени дарылады. Курбуларым менден баш тартканына эмне дейсиңер.

Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бул арада урушуп, кайра жарашкан күндөрүбүз көп эле болду. Акыркы убактарда тил табышып, баш кошолу деп калганбыз. Анан эле бул окуя болуп кетти.

Айылына тойго даярданганы кеткен. Ага чейин ата-энеси мага сөйкө салып, атам менен апамдар болуп той күнүн белгилешкен. Менден өткөн бактылуу кыз жок эле. Көйнөктөрүмдү тандап, салондорго жазылдым. Күн сайын жигитим менен чалышып сүйлөшөбүз. Ал дагы үйүн бүтүп калганын, жакын арада базарга түшүп мал аларын айтып  жатты.

Тойго туптуура төрт күн калганда чалды.

— Жаным, угуп жатам. Жакшы уктап турдуңбу? Бүгүн көйнөгүмдү алып келишет. Тигип бүтүшүптүр. Сага сүрөтүн жөнөтөм, э?

— Сен кыз эмес турбайсыңбы?

— Түшүнбөдүм?

— Той болбойт.

Трубканы коюп салды. Чалсам телефонун өчүрүп коюптур. Эмне кылышты билбей туруп калдым.

Ак жерден мени бирөөлөр күнөөлөшүп, жигитиме ар ким менне жүргөн деп айтып коюшуптур. Жигитимдин мага эмес, башкаларга ишенгенине ыза болдум. Ооруп жатып калдым. Атам мага кошулуп ыйлайт. “Андай жигитке тийбей эле койчу кызым, оорубачы кызым, ыйлабачы кызым” деп жаныман чыкпайт. 

Кечинде жатып эмнеге ушундай адам үчүн кыйналам? Кайра сүйүнүп, жыргасам болот да туурабы? Кайдагы ушактарга ишенип ушинтип жатса, кийин мындан дагы жаман болмок го. Жок, мен өзүмдү сүйөм, минтип ата-энемди азапка салбайм.

Таң эрте ойгонуп жуундум. Курсагым аябай ачыптыр. Жумуртка кууруп алып жеп отурсам, атам менен апам кирип келип калды. Мени көрүп аябай сүйүнүштү.

Мен бул окуяны азыр күлүп эстейм. Ошондо менден баш тартып, группалардан чыгарып койгон кыздарыма дагы рахмат. Эң негизгиси жигитиме рахмат. Бир-экөөнү жолуктурдум. Бактылуу болуп кетишкенин көрбөдүм. Менин жыргап жүргөнүмдү көрүшүп, көздөрүнөн көрө албастыктын оту чачырады.

Баса, азыр жигитим бар. Мени сыйлайт, сүйөт. Экөөбүз жакын арада баш кошуп, чет өлкөгө окууга тапшырганы кеткени жатабыз. Ата-энеси менен таанышкам. Билимдүү, заманбап адамдар экен. Сөздөн-сөз чыгып башымдан өткөн окуямды айтып бердим. “Сынып калбаган азамат кыз экенсиң” дешти. Жигитим “муну атам берди” же “апам сага берип жиберди” деп күн сайын ар нерсе алып келет. Кудуңдап жаш баладай сүйүнөм.

Мен бул окуядан кийин өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөндүм. Мурда ар кимдин көңүлүн карап, жакшы көрүнгөнгө аракет кылып жүрчүмүн. Анын эч кандай пайдасы жок экен. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.