AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ала качып кеткен байкесинен куткарган кызга 20 жылдан кийин рахмат айттым

Ала качып кеткен байкесинен куткарган кызга 20 жылдан кийин рахмат айттым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көздөрүнөн дароо тааныдым. Ал кезде жаш кыз болчу. Азыр баласын ээрчитип баратыптыр. Бирок, жароокер көздөрү дале ошол бойдон. Элди түртүп жеткиче шаштым. Бир эже ачуу сөздөрүн айтып каргап дагы жиберди. Мага баары бир болчу. Мен аны кое бербешим керек. Азыр бурулуп кетсе жоготуп алам. 

Картошка саткан катарга кирип кетти. Ары-бери чуркап издей баштадым. Таптым. Атын деле билбейм. Чуркап бардым. Мени көрүп, «Сизби?» деди. Катуу кучактап ыйлап жибердим. 

Жакын жердеги ашканага кирип отурдук. Баласына таттуу, өзүбүзгө жакшылап тамак буйрутма бердим. «Эже, мынча көп» деп ыңгайсыз боло түштү. Күлүп койдум. Мен ага өмүр бою ыраазымын. Бир тамак алып берсем дагы кылган жакшылыгынан кутула албайм.

Студенттик кезим. Алдыга чоң пландарды койгом. Окуудан башым чыкпайт. Ар жакка чуркап жүрүп, ректораттан Москвага окууга кетүүгө жолдомо алдым. Бир ай. Болгону бир ай. Анан мен чоң шаарга бет алам. Сүйүнүчүмө чек жок. 

Кеткичекти айылга барып, ата-энем менен коштошуп келейин дедим. Алар жаңылыгымды уккандан бери бактылуу. Кошуна-туугандардын баарына айтып чыгышыптыр. Баратам десем, апам атам кой союп жатканын айтты. Анда сотка деген жок. Эртең менен жатаканадан жолго чыктым деп койгом. Ошол бойдон сүйлөшө элек болчук. Анан эле…

Таксиге отурсам, ичинде эки жаш жигит бар экен. Кайда баратканымды сурашкан. Айылымды айткам. Алар биринчи түшүп калышты. Анан кечке маал айылыма кирип барып мен түштүм. Автовокзалдан автобус күтүп турсам кайдан жайдан жанагы балдар пайда болду. Мени машинасына салган бойдон айдап жөнөштү. Ичинде дагы достору бар экен. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. 

Көшөгөдө ыйлап отурдум. Баары бир кете турганымды айттым. Эч кимиси укпайт. Жанымда жанагы карындашы отурган. «Менин кыялдарым эмне болот? Атам менен апам сөзсүз алып кетет.  Москвага кетет болчум. Мен муну көптөн кыялдангам. Мен баары бир сүйбөгөн адам менен жашай албайм. Кетем. Тагдырымды бузбагылачы. Суранам.» Ыйлай бердим. 

— Эже, мен сизге жардам берем.

— Чын элеби?

— Ооба. Байкем урушат, бирок…

— Терезени сырттан бекитип коюшкан, мен барып ачам. Анан тиги сарай жактан чыгасыз. Токтобой чуркап кете бериңиз. 

— Макул.

Бактым бар экен. Бир машина чыгып калды. Абалымды айтсам үйгө чейин таштап койду. Кебетемди көргөн апам менен атамдардын жүрөгү түшүп калды. Баарын айтып бердим. Сотко берерин айтып, атам ары-бери басып жүрдү. Мени сактаган кызга ошондо рахмат айтпай чыгып кеткенимди эртеси эстедим. 

Андан бери 20 жыл өттү. Москвага барып билим алып келдим. Сүйүктүү адамыма турмушка чыктым. Беш баланын ата-энеси болдук. Эми минтип уул үйлөп, кыз бере турган жашка келдик. Бул бактымдын себепкери ошол кездеги көздөрү жароокер кыз экенин бир дагы жолу унуткан жокмун. Ар түнү уктап жатканда анын бактысын кудайдан тилендим. 

— Сиздин тилек кабыл болду окшойт, эже. Мен дагы азыр бактылуумун. Күйөөм абдан мыкты киши. Азыр балам экөөбүздү алып кетет. Байкем андан бери үч-төрт жолу үйлөндү. Азыр ажырашып кеткен. Айылда эле жүрөт. Турмуштан жолу болбоду. 

— Рахмат, алтыным, бардык жеткен ийгиликтерим, жакшылыктарым сенин артың менен болду. Мен муну эч качан унутпадым. Мындан ары байланышта болуп туралы. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Этек кир келгенде прокладка колдонгон жакшыбы же чүпөрөкпү?

Этек кир келгенде прокладка колдонгон жакшыбы же чүпөрөкпү?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.