AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Акыркы болгонуң эмес

Акыркы болгонуң эмес, марага жеткениң маанилүү! Ультратрейл Нарынбектен кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бүгүн биз силерди Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан мекендешибиз менен тааныштырабыз. Нарынбек Насыров ультратрейлер. 7000 метр же андан ашык бийиктикке чыгуу менен 105 кмден кем эмес аралыкка чуркайт. 26-августта эң престиждүү, дүйнөлүк жана ага кирүү өтө кыйын Ультра Трэйл Мон Блан жарышына биринчи кыргызтандык болуп катышты. Эгер сизге дагы чуркоо жакса, анда Нарынбектин кеңештерине кулак салыңыз.

Трейлраннинг — табиятта (токой, тоолор ж.б) эркин темпте же мелдештин алкагында чуркоону камтыган спорттук дисциплина.

Бир өзгөртүүгө убакыт келгенин түшүндүм

Трейлраннингге таэквондо менен бадминтондон менен келдим. Бул эки спортто көп ийгиликтерге жетиштим, анан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт келгенин түшүндүм. Спорттун бул түрү тууралуу 3 жыл мурун досумдун туулган күнүндө билдим. Мен тоолордун күйөрманымын жана бул спорт бат эле өзүнө тартып алды.

2019-жылы биринчи жарышка катталып, ага эч кандай даярдыксыз эле чуркап өттүм! Өзүмө аябай таңкалдым. Ал учурда менде бийиктиктердеги эрежелер  жөнүндө эч кандай түшүнүк жок болчу. Азыр муну жылмаюу менен эстейм.

Бул спортто Кыргызстандан мен жалгызмын

Жарыш Швейцариянын түштүгүндө, Лугано шаарында болду: аралык 54 км , жалпы 3600 метрге чыгуу жана түшүү. Бул аралыкты эч кандай машыгуусуз 10 саат 30 мүнөттө чуркап келдим! Таэквондо жана бадминтондогу физикалык формам жардам берди деп ойлойм. 

Жарыштан кийин трейлраннинг менин кезектеги спортум экенин түшүндүм. Бул спортто Кыргызстандан жок дегенде бир спортчу бар экенин дүйнөгө көрсөтүп, өнүгүп, ийгиликке жетишим керек деп чечтим. Марага желегибизди көтөрүп чуркап келсем, эл таң калып, кайдан болосуң деп сурашат.

Мага тоодо чуркаган жагат

Азыр тоодо чуркаганды жакшы көрөм! Трейлраннинг мага жаратылышта: тоолордо, чытырман токойлордо, өрөөндөрдө, тоо сууларын кечип, сейил бактарда жана шалбааларда чуркоого мүмкүндүк берет. Чуркоонун бул түрү жапайы жаратылыштын кол тийбеген жерлерин көрүүгө сонун шанс! Ошондой эле, дүйнөнүн бардык бурчунан досторум көбөйдү. 

Мен профессионал эмесмин

Мен өзүмдү өзүмдү профессионал деп эсептебейм. Профессионалдарга акча төлөшөт жана алар көбүнчө бирөөгө көз каранды болушат, а мага эркин болгон жагат. Мен жөн гана бул спорттун сүйүүчүсүмүн. Мага чуркоо жаккан үчүн чуркайм. Чуркоодон сырткары велосипед тээп, сууда сүзүп, үй шартында көнүүгүүлөрдү жасайм.

Эң негизгиси өзүңүздү жеңүү!

Менин күнүмдүк мотивациям – спортко болгон сүйүү жана катуу машыгуу. Эң негизгиси чуркоодон ырахат алуу жана жарышка даярдануу.

Акыркы болуп чуркап келгениң маанилүү эмес, катышуу жана марага жеткениң маанилүү! Жыйынтыкка карабастан, андан ырахат алышың керек! Эң негизгиси өзүңүздү жеңүү!

Көпчүлүк мени робот дешип, ультратрейлдерди чуркоо оңойбу же оорбу сурашат. Жок, бул оңой эмес! Абдан кыйын. Ультра чуркоо катуу машыгууну жана өтө берилгендикти талап кылат. «А бул мүмкүнбү?» деген суроо туулат. Ооба, мүмкүн. Биз өзүбүз ойлогондон да көптү жасай алабыз!

Ошондуктан, дайыма өзүңүздү жеңиңиз, биринчи кыйынчылыкта болсо эле өзүңүздү таштап койбоңуз! Өзүңүздүн үлгүңүз менен башкаларга дем бериңиз! Анан сизге суктанып, алар дагы чуркай башташат. Бул нерсе көпчүлүккө позитивдүү эмоцияларды, ишенимди жана сергек жашоону баштоо каалоосун тартуулайт.

Жаш — бул жөн гана сан!

Трейлраннинг өлкөбүздө да тез өнүгүп, жакынкы келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги чемпиондорубуз чыгат деп ишенем. Кантсе да бул спорт үчүн бизде ушундай керемет тоолор бар. А менин кыялым —  Кыргызстанда ультратрейл уюштуруу! Trailrunning_kg клубу менен бул долбоордун үстүндө иштеп жатабыз!

Тоолорубузду аяр мамиле жасагыла– бул биздин байлыгыбыз!

Ар бирибиз туура машыксак жана туура тамактанса, мындай аралыктарды оңой эле жеңе алабыз деп ойлойм. Жаш — бул жөн гана сан! Мен жакында 45ке чыгам. Андыктан баштоо эч качан кеч эмес. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бул 5 сайт англисче кандай билериңди бекер айтып берет

Бул 5 сайт англисче кандай билериңди бекер айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.