AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Акчасы көп

Акчасы көп, бирок кедей адамдар тууралуу Данияр Аманалиев айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев: Биз эмне үчүн акча табабыз? Менимче, кээде муну унутуп коебуз, анан көп акча тапканыбызга карабай кедей болуп калабыз. Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

90-жылдары эл аралык уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, кыргыз элинин экономикалык абалын изилдей башташат. Алар Кыргызстанга келгенге чейин, бизди жакыр өлкө деп ойлошкон. Анан эле региондору кыдыра башташканда, элдер аларды жайнатып дасторкон жайып, кой союп тосуп алышканын көрүп таңкалышат. Аларда таптакыр колунда жок үй-бүлөгө кезиккендей сезим пайда болбойт.

Ооба, бул биздин меймандостугубуз менен байланыштуу нерсе деңизчи… Бирок бир жагынан алып карасак, көп үй-бүлөлөр натуралдык чарба менен алектенишет. Кагаздарда кирешеси аз кедей катары көрүнгөнү менен, практикада анчалык деле кедей эмес, мисалы, алардын мал-жанын акчага айлантып эсептесек. 

Баарына жаккысы келгендер үчүн кеңеш

Бир канча убакыттан кийин алар «бул үй-бүлөлөр экономикалык, каржы жагынан анчейин деле кедей эмес болсо дагы, баары бир кедейликтин башка түрүнө киришет» деген жыйынтыкка келишет. Алар ойлоп тапкан термин учурунда мени шок кылган, бирок азыр аны түшүнүп турам. 

Убактылуу кедейлик — финансы жагынан камсыздалгансыз, ачкачылыктан өлүп калбайсыз, бирок андан башка эч нерсеге убактыңыз жок. Болгон убактыңызды тирүү калуу үчүн акча табыш керек деп жүрүп өткөрөсүз.

Мурда убактылуу кедейлик региондо гана деп айтылчу, бирок, шаарда дагы толтура. Мисалы, мен өз жумушун жактырбаган, эптеп иштеп коюп жүргөн офис адамдарын көп билем. Алар бир күн бою кыйналып акча табышат, тапкан акчасын кайра ошол кыйналып өткөргөн күндөрүн компенсациялоого жумшашат.

Келиңиз бул нерсени башкача элестетип көрөлү, бир күн бою сиз өзүңүзгө жаккан жумуш менен алектенесиз, андан ырахат аласыз, жумушта өткөргөн сааттарыңыз сизге бакыт тартуулайт, анан үйгө дагы бактылуу болуп келесиз. Бул учурда сизде «убактылуу кедейлик» эмес, «убактылуу байлык» болот. Эгер сизде бул байлык болсо, сиз акчасы көп, бирок өзү үчүн бир мүнөт дагы убакыты жок адамдардан бийик болосуз.

А сиз убактылуу кедейсизби же байсызбы? 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Кичинекей кыздардын жыныс мүчөсү эмнеге кычышат?

Кичинекей кыздардын жыныс мүчөсү эмнеге кычышат?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.