AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Акчанын аркасынан чуркай берсең

Акчанын аркасынан чуркай берсең, күйүп кетесиң. Мурат Жумашовдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! IT адиси, дүйнөлүк компанияларда иштеген Мурат Жумашов түз эфирибизде конокто болуп, программист болгусу келген окурмандар суроолоруна жооп берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

— Колумдан эч нерсе келбейт, мен программист боло албайм деп көп айтышат. Программалоону бери кой, компьютерге байланыштуу бир нерсе жөнүндө дагы кыялданышпайт. Бирок, биздин чет өлкөлүк кыйын-кыйын адистерден эч кандай айырмабыз жок, бардык нерсе колубуздан келет. Мен айылда эле чоңоюп, мал менен аралашып жүргөм. Мына минтип программист боло алдым. 

— Азыр мүмкүнчүлүктөр толтура. Болгону дисциплина керек. Эгер дисциплинаны сактасаң, бүт тармакты өздөштүрсөң болот.

— Дароо жыйынтык күтпөңүз. Мисалы, спортзалга барганда дароо эле оор салмактагы штанганы көтөрө албайсыз. Бул тармакта деле отура калып эле код жазып кирбейсиз. Ошон үчүн аз-аздан онлайн акысыз курстарды карап, мээни жибитип, шашпай баштаңыз. Анан бир жылдай онлайн изилдеп туруп, кийин оффлайн курска жазылыңыз. Азыр дароо эле курска чоң акча берип жазылып, анан кызыгуусун жоготуп алгандар толтура. 

— IT тармагын тамга тааныган адамдын баары үйрөнө алат. 

— Бир тармактан экинчи тармакка өтүү кыйын болот. Албетте, менде дагы IT тармагына өтүп жатканда коркуулар болгон. Бирок, коркуулардын артында ийгилик жатарын унутпаш керек. 

— Мен 8 жылдан бери бул тармактамын. Бул аралыкта математикага муктаж болгон жокмун. Андыктан, программистерге сөзсүз математика керек деген коркуудан алыс болуңуз. Ооба, математика керек болгон багыттар дагы бар. Ошону менен катар кереги жок багыттар дагы бар. 

— Эртели-кеч баары бир тил үйрөнүшүң керек болот. Англис тилин билсең, айлыгың эки эсе көп болот. Ошондуктан, программалоо менен чогуу же ага чейин англис тили курсуна жазылгыла. Орус тилин билбесеңер ага убакыт коротпостон, англис тилин баштай бергиле. 

Бишкекте туруп Американыкындай айлык алса болот. Эмир Мамашовдон кеңеш

— Компаниялар курсту бүткөн адистерди алгысы келбейт. Ошондуктан, бир курсту бүтүп эле жумуш табам дегендер жаңылышат. Сен бир маселени чечкенди кыялданышың керек. Ал ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстанга  же өзүңдүн хоббиңе байланыштуу. Менин иним бир курска барып жатканда, Бишкектеги дааратканалардын картасын жасап чыкты. Ал бул долбоорун бир компанияга көрсөттү. Компания бул көйгөйдү чечкен, эмгектенген  адам экен деп, аны жумушка алышты. 

— Жумушка кирип жатканда силер мага эмне бересиңер эмес, мен силерге эмне бере алам деген позицияда болушуңар керек. 

— Бул тармакты акчасын карап тандасаң, анда сага ар дайым аз көрүнө берет. Ал акчанын аркасынан чуркап жүрүп, күйүп бүтөсүң. Жумушуңду сүйүшүңүз керек. Ийгиликтин сыры ушуда. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Өспүрүм балаңыз бирөөнү сүйүп калса

Өспүрүм балаңыз бирөөнү сүйүп калса, эч качан буларды кылбаңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.