AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аборт жасатсам жашоом башкача болмок беле деп ойлоп кетем. Бир келиндин баяны

Аборт жасатсам жашоом башкача болмок беле деп ойлоп кетем. Бир келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жанара (аты өгөртүлдү) 27 жашта, эки баланын энеси. Турмушка чыкканга чейин университетке тапшырып, шаардан үй, машина алам деген максаттары бар болчу. Күтүлбөгөн кош бойлуулук анын бардык пландарын өзгөртөт.

“Мектепти бүтөөрүмө аз калганда бир жигит менен таанышып, аны катуу сүйүп калдым. Жай мезгили эле. Акмактык кылып кыздыгыман ажырадым. Ошентип ал Москвага кетти, мен шаарга жөнөдүм. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Шок болуп калдым. Мен бул нерсеге таптакыр даяр эмес элем.

Аборт тууралуу ойлонуп жүргөндө жигитим кайтып келди.

Чоң той берип турмуш курдук. Башында  баары сонун болчу. Көңүлүмө карап, айтканымды аткарат дегендей. Бактыбыз көпкө узабады.”

Учурда Жанара эки баласы менен кайда барарын билбей турган чагы. Иштегенге жумуш, жашаганга жер таппай убара.

“Менден жашырып кыздар менен жазыша баштады. Кийин жолугушууга өттү. Башында уруш чыгарчумун. Ойноштору менен кармап алган күндөрүм болду, сүрөттөрүн көрдүм, атүгүл элдер айта баштады. Эсине келип калабы деп баарына чыдадым. Аттиң, адатын токтотподу. Үй-бүлөсүн ойлобойт. Кайын атам менен кайын энемди да укпайт. Эл катары кийинтпейт. Бир курут алып бергенге жарабайт. Иштейин десем үйдөн чыгарбайт. Чогуу жашаган 4 жыл ичинде көрбөгөн кордукту көрсөттү. Үмүтүмдү үзүп балдарымды жетелеп ата-энемдин үйүнө жөнөдүм.”

Жанара кээде кыйналганда аборт жасатып койсом туура болмок беле деген ойлор келип кетерин жашырган жок.

“Билем, антип ойлонуу туура эмес. Бирок, балама памперске акча таппай калганда ызаланып ар нерсени ойго келет экен. Эгер кош бойлуу болуп калбасам жашоом таптакыр башкача болмок. Машина алмакмын, үй салмакмын, кыялымдагы мамлекеттерди кыдырмакмын.

Эң негизгиси дараметимди илгерилетип, билимдүү болуп көз карандысыз болот элем.

Эх…. баары шашылыш болуп кетти, эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым. Жок дегенде, презерватив тууралуу билсемчи.”

“Жумушка орношуп, бутума турайын, балдарымды багайын деп келечекке жакшы пландарды коюп келатам. Үйдөгүлөрүм эмне дегенин укпайсыңарбы, “Эртең башка бирөөнү көрсөң, аны менен жата калып дагы балалуу болсоңчу, сени алдаш оңой эле. Ажырашканың менен мына жаныбызда жүрөсүң”,-дешти. Аларды түшүнөм, айылда жумуш жок, анын үстүнө байкем аялы менен үйдө.

Канткенде бактылуу болом? Күйөөмдүн токмогуна, кыздар менен жүргөнүнө көз жумуп жашай берсемби? Ата-энеме мага бир мүмкүнчүлүк беригиле деп кантип көндүрсөм?”

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт Виталий Пукаев каарманыбыз кабылган кырдаал жөнөкөй эмес экенин айтты.

— Эки балаңыз бар экен, милдеттериңиз көп, эмне кылуу керек экенин билбей турган кезиңиз. Сыягы үй-бүлөңүз чечим кабыл алууңузга тоскоол болбой, чоң той өткөрүп, ар бир башталышта колдоп турган. Сыягы сиз азыр өз жашооңузду калыпка келтирүү жана жумушка орношуу боюнча чечим кабыл алып койгонсуз. Бул чынында эле зарыл болгон нерсе.

Бирок катыңызда тактык жок. Чечимдериңизде “же-же” деген арсар ойлор камтылган: же кыялдарыңыз менен каалооңуз, же ата-энеңиз. Ата-энеңиз менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз, алар кандай жардам берүүгө даяр жана анын ордуна сизден эмне күтүшөт билиңиз.

Күйөөңүз тараптан агрессияга туш болгонуңузга жана никеде төрөлгөн балдарды каржылык жактан камсыздоо тууралуу макулдаша албаганыңыз абдан кейиштүү. Балким, бул суроону мыйзам чегинде, айталы расмий түрдө чечүү керек.

Ооба, жашооңузда көп нерселер болду, бирок үмүт үзүүнүн кереги жок. Ар дайым кыйынчылыктар бизге мүмкүнчүлүк бере турганын унутпаңыз. Эмнеден баштоо керек? Биринчиден, колуңузда кандай ресурстар бар ойлонуп көрүңүз, экинчиден каалоолорду жана керектөөлөрдү кайра карап чыгыңыз, үчүнчүдөн, кыйынчылыктан чыгуу үчүн кандай жолдорду көрүп турасыз аныктаңыз.

Психотерапевт биз бир гана өзүбүзгө таяна аларыбызды, ал эми жардам алуу үчүн сүйлөшүү керек экенин кошумчалай кетти.

— Катыңызда суроолор көп: эмне кылуу керек, эми эмне болот, жеке жашоомду кантип түзөм ж.б. Бул суроолор – тандоо суроолору. Кыйынчылыктар жана көңүл калуулар тандоону кыйындатат. Бирок чечимдерди ар дайым белгисиздик шарттарда кабыл алуу керек. Эч нерсеге эч кандай кепилдик жок. Болбоду дегенде сизде тажрыйба пайда болот жана ал маселелерди чечүү жөндөмүнө ээ кылат.

Эгер каалоолоруңуз күчтүү болуп, максатыңызды көрүп, аракет кылууга даяр болсоңуз, анда ийгилик кааалайм. Жол таппай жатсаңыз, башыңыздан өткөн нерсени жана кайда баруу керек экенин кылдат изилдеп чыгыңыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жактан аборт жасатканына өкүнгөн келиндин окуясын окусаңыз болот. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аборт жасатканым үчүн жети жылдан бери балалуу боло албай келем

Аборт жасатканым үчүн жети жылдан бери балалуу боло албай келем

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.