AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
12 жылдан бери бир дагы жолу аялыма чай куйдурган жокмун

12 жылдан бери бир дагы жолу аялыма чай куйдурган жокмун

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Таңкы саат төрт. Акырын турдум. Пол муздап калыптыр. Сыртка чыктым. Короодо тизилип турган отундарды алып үйгө кирдим. Айылда жаз келсе деле суук. Балдардын мурду агып калбасын деп бир сыйра от жактым. Чай коюп ичип алып жумушка жөнөп кеттим.

Жумушка келсем коллегамдын маанайы жок. Келинчеги экөө урушуп кетиптир. Жаңы үйлөнгөн немелер. Эмне болду деле сураган эмесмин, бир сөзү кызыктырып калды. 

«Чай даярдап койбойт, уйкусу келет имиш!» Эмне чай? Сурадым.

Келинчеги таң эрте туруп чай даярдап бере албай уктап калып жатыптыр. Түндө канчада жатат сурадым. Жумушун кылып кыбырап 1-2лерде уктайт экен. Ачуум келе баштады. Анан кайра кантип төрттө турат? Мээм чыңалып чыкты. 

«Токтот!» дедим. Мага деги эле аялын жамандаган эркектер жакпайт. Аябай жаман көрүнөт. 

«Сен кызык неме экенсиң! Келинчегиң кызмат кылып чарчап уктаса, анан кайра сага кантип чай даярдап берет. Аялды аяш керек. Дос, мен 12 жылдан бери ушул жумушта иштейм. Таңкы саат төрттө жумушубуз башталат, аны өзүң билесиң. Ушул аралыкта бир дагы жолу аялыма «чай кой» деп ойготкон жокмун. Мен аны аяйм, уйкусун бузуп албайын деп акырын бутумдун учу менен басам. Колум бар, чайды өзүм деле кое алам. Кур намыстын эмне кереги бар? Ушул убакка чейин бир катуу урушпадык. Мен аны сыйлайм. Бул сыйыма эки эсе жооп берет. Үй-бүлөнүн бактысы ушул нерседе. Чайды өзүң кое албайсаң, билбейм дос…»

Ойлонуп отуруп калды. Мен жумушка кириштим. 

Эртеси жумушка келсем коллегам бактылуу. «Чай коюп ичип отургам. Келинчегим уйкулуу басып келди. Уктай бер деп айтсам ушунча ыраазы болду. Сонун нерсе экен.» Колумду бекем кысып койду.

Ыраматылык чоң апам «чыныгы күйөө аялына күйөт» дечү эле. Аттиң, азыр кесиптешиме окшоп катасын оңдогон мырзалар аз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.