Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. 2019-жылдын март айында зордуктоого кабылгам. Анан ал жигит мени албайм дегенинен улам арыз менен сотко кайрылгам. Кийин ата-энеси келип, мени келин кылабыз деп алып кетишти. Баласы албайм деп каршылык көрсөткөнүнө карашкан жок. Арызымды кайтарып алдым. Сот иштери бүткөн соң кайын энем, «эми кете берсең болот, ишти жабуу үчүн алганбыз» деп кууп чыгышты. Күйөөм «колуңдан эч нерсе келбейт» деп шылдыңдап жатат. Сотко кайрадан кайрылсам, ишти козгоп беришеби?







