AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Зордук-зомбулукка бара турган адамды алдын ала аныктаса болобу?

Зордук-зомбулукка бара турган адамды алдын ала аныктаса болобу?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Эльвира Чокоева үй-бүлөдө зордук-зомбулукка бара турган адамды алдын ала аныктаса болобу? Зомбулуктун канча түрү бар? – деген суроолорго жооп берди.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук деп эмнени айтса болот?

Зомбулуктун 4 түрү бар:

  1. Физикалык зомбулук. Денеге зыян келтирүү, башкача айтканда уруу, түртүү, бир нерсе менен чабуу, тебүү ж.б.
  2. Психологиялык зомбулук. Адамдын психологиялык абалына зыян келтирүү. Коркутуу, кемсинтүү, көзөмөлдөө, шантаж кылуу. Мисалы, менден кете турган болсоң, өзүмө кол салам, же балдарды бербейм ж.б.
  3. Сексуалдык зомбулук. Адамдын каршы болгонуна карабастан күчкө салып, коркутуп, же алдоо жолу менен сексуалдык мамилеге барууга мажбурлоо.
  4. Экономикалык зомбулук. Материалдык жактан кысым көрсөтүү, иштөөгө тыюу салуу, финансылык жактан көз каранды кылуу, чыгашаларын толугу менен көзөмөлдөө, катардагы керектөөлөрүнө акча бербей коюу.

Зомбулукка бара турган эркекти алдын ала аныктаса болобу?

Кыз жигит болуп жүргөн кезде, кыздар көпчүлүк белгилерге көңүл бурушпайт, байкаса деле маани беришпейт. Бирок андай белгилер бар. Мисалы:

  • Жигит өзүнүн телефон чалуусуна, же ватсаптан жазганына дароо жооп берүүсүн талап кылат. Кыздын башка иштери менен алек болуп, көрбөй, укпай, байкабай, колу бошобой калганын түшүнбөйт, таарынат, ачууланат. Кыздар мындай жүрүм-турумду “мени аябай катуу сүйөт экен, мага сарысанаа болуп жатат” – деп кабыл алат.
  • Мурунку аялын, же сүйлөшкөн кызын аябай жамандайт. Такыр түшүнбөгөнүн, же туура эмес иш кылганын айтып, экөөнүн эки ажырым жолго түшкөнү үчүн күнөөлөйт. Башкача айтканда, жоопкерчиликти толугу менен башка адамга жүктөйт. (Кийин өзүңүз да ошол аялдын ордунда болуп калышыңыз мүмкүн).
  • Апасы, карындаштары менен мамилесин байкагыла. Көпчүлүк учурда орой мамиле кылат.
  • Тейлөө тармагында иштеген адамдарга жасаган мамилесин байкагыла. Официантка, таксидеги айдоочуга, дүкөндөгү сатуучуга. Сыйлайбы же кемсинтеби?
  • Сиздин досторуңузду, курбуларыңызды, кесиптештериңизди, дегеле чөйрөңүздү жактырбайт. Алардан кол узүүңүздү талап кылат.

Эмне үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыктары көйгөйлөрүн ачык айтуудан коркушат?

Анткени аялдар элдин сөзүнөн коркушат, сынга алынуусун каалабайт. Коом көпчүлүк учурда аялды күнөөлөйт. Уят болот – деген түшүнүк бар. Бирок бул миф.

Бардыгы эле ушинтип жашашат. Бир аз чыдап коюш керек. Акырындык менен токтолот – деп, жашап жүрө берген жаңылыштык.

Андан тышкары, кетип кайда бармак элем? Балдарым атасыз калышат. Ата-энемдин үйүнө батпайм — деген ойлор, зомбулук менен күрөшүүгө жол бербейт. Ошондуктан чыдап жашап жүрө беришет.

Кыргызстанда зордук-зомбулукка туш болгон аялдар үчүн ар бир региондо кризистик борбор бар. Алар кыз-келиндерге юридикалык, психологиялык жана медициналык жактан колдоо көрсөтүшөт.

Чыдап жашап жүрө берсе жашоо оңолобу?

Албетте үй-бүлөө сакталып, экөө бирин-бири сүйүп, бир куштун эки канатындай учушса бул эң сонун. Бирок канаты кайышып турса, мындай үй-бүлө сапарын уланта албайт.

Ар бир аял өзү чечим чыгарат. Мага мындай жашоо жагабы? Мен бактылуумунбу? Өмүр бою ушинтип жашаганга даярмынбы? Ушул суроолорго жакшылап ойлонуп, чын дилиңерден жооп бергиле.

Кыз-келиндерге кеңеш бергим келет. Ар дайым өзүңөрдү сыйлагыла. Аял өзүн кандай алып жүрсө, эркек ошого жараша мамиле кылат. Мисалы өзүнө ишенимдүү жүргөн кишиге эч ким орой сүйлөбөйт. Бир эле эркек үч башка аялга үч башка мамиле жасайт. Сизге катуу сүйлөөгө, кемсинтүүгө, басынтууга жол бребегиле. Башында калыптанып калган мамиленин модели убакыттын өтүшү менен күчөйт.

Аял бактылуу болууга татыктуу. Эсиңизде боолсун, бактылуу болуу эч качан кеч эмес.  

Зомбулукка кабылсаңыз же дуушар болсоңуз, дароо жардам берүү кызматтарына кайрылыңыз!

            Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору

Бишкек ш. ШИИБи

(0312) 43-71-75

Чүй облусунун ИИБи

(0312) 43-88-85

Ош облусунун ИИБи

(03222) 5-59-10

Талас облусунун ИИБи

(03422) 5-29-98

Ысык-Көл облусунун ИИБи

(03922) 5-24-14

Жалал-Абад облусунун ИИБи

(03722) 5-66-66

Нарын облусунун ИИБи

(03522) 5-09-21

Баткен облусунун ИИБи

(03622) 5-0015

КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү

(0312) 66-23-31

КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы

(0312) 26-62-97

КРнын ИИМнин ишеним телефону

(0312) 26-64-18

                          Кризистик борборлордун телефондору

«Шанс» КБ, Бишкек ш.

(0709) 71-03-20

«Сезим» КБ, Бишкек ш.

(0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66

«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш.

(0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76 +996 (3222) 2 97 57

«Аруулан» КБ, Ош ш.

(0776) 38-07-77,  (03222) 5-56-08,

«Мээрбан» КБ, Ош ш.

(0559) 49-20-07

«Акылкарачач» КБ, Алай району

(0555) 28-14-23, +996 (03234) 2 60 33 , 2 61 31

Гүлчө айылы

(0776) 28-14-23

«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш.

(0777) 39-30-77, +996 (03622) 2 20 27

«Маана» КБ, Талас ш.

(0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85

«Теңдеш» КБ, Нарын ш.

(03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90

«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш.

(0772) 32-89-60

«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата шаары

+996 (03943) 4 41 37

«Даршайым» КБ, Бишкек ш.

+996 (0312) 64 93 50

               Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору

Коомдук тартипти коргоо кызматы КРнын ИИМи

           102

Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору

(0312) 54 29 34, (0312) 44 25 10

Балдар үчүн ишеним телефону

« 112-системасы»

             111

             112

КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш телефону (жумуш убактыларында)

             115

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Атамдын ким болуп иштегенин көрүп буркурап ыйладым

Атамдын ким болуп иштегенин көрүп буркурап ыйладым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.