AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Зомбулукка чекит коюп

Зомбулукка чекит коюп, отпускага чыккан аялдын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ошол күнкү аба-ырайы эсимде жок. Кийген кийимим эсимде жок. Канча саат жөө басканым эсимде жок. Эсимде калганы күйөөмдөн кеткеним. 

Ал мага кыйкырып, сөгүнүп жатты. Унчуккан жокмун. Уктап жаткан баламды көтөрдүм, кире бериште асылып турган сумкамды алдым. Ал мага кыйкырып, сөгүнүп жатты.

Зордук-зомбулукка чекит коюп, «отпускага» чыктым. 

Бүт өмүрүмдө өзүмдү ушунчалык жалгыз сезген эмесмин. Кайдасыңар, менин курбуларым. Кайдасыңар, баары жакшы кезинде жанымдан чыкпагандар. Кайдасыңар, «бир нерсе болсо мага айт» дегендер. Кайдасыңар, туугандарым. 

Бул аны менен жашаган акыркы жылдардагы коркуудан да күчтүү коркуу эле. Бир күнү таап келет деп корком. Билем, бул коркуу эч качан жоголбойт. 

Кетүү — бул качуу. Качканга чейин баары мүмкүн эместей көрүнчү.

Аны менен ажырашкым келген эмес. Баары жакшы болот деп үмүттөнгөм. Андай болбоду. Бир колумдун көгү кетсе, экинчиси көгөрдү.

Канча ирет кетип, кайра келдим. Коркконум үчүн кайтып келчүм. Бул жолкусу башкача. Түн менен коштошуп, жарыкка бет алдым. 

Биринчи жолу тынч уктадым. 

Эртеси чачымды кырктым. Тырмагымды боедум. Батирге чыктым. Жумушка кирдим. Бир да телефон чалууга, смске жооп берген жокмун. 

Болгону бир кадам таштадым. Эркиндик бар экен. Башка жашоо бар экен. Бакыт бар экен. Мага ишенип койгула.  

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Бактылуу акча которуу” акциясына катышып

“Бактылуу акча которуу” акциясына катышып, баалуу белектерге ээ бол!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.