AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Зомбулук жана куугунтуктоолор жөнүндө конвенция

Зомбулук жана куугунтуктоолор жөнүндө конвенция

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Зомбулук жана куугунтуктоо көйгөйлөрү боюнча биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди.

Эл аралык эмгек уюму Зомбулук жана куугунтуктоо жөнүндө конвенцияны ратификациялоо үчүн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштады.

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо көйгөйлөрү боюнча биринчи эл аралык келишим ЭЭУ тарабынан өткөрүлүүчү Эл аралык эмгек конференциясында (ЭЭК) бекитилгенден эки жыл өткөндөн кийин — 2021-жылдын 25-июнунда күчүнө кирет.

Бүгүнкү күндө 2019-жылдагы Зомбулук жана куугунтуктоо жөнүндөгү конвенция (№190) алты өлкө — Аргентина, Намибия, Сомали, Уругвай, Фиджи жана Эквадор тарабынан ратификацияланган. Конвенцияны ратификациялаган өлкөлөр үчүн анын жоболору ратификациялангандан кийин бир жылдын ичинде милдеттүү юридикалык күчкө ээ болот.

№ 190 Конвенция № 206 Сунуш менен катар эле ар бир адамдын зомбулугу жана куугунтуктоосу жок эмгек чөйрөсүнө болгон укугун тааныйт жана бул багытта иш-аракеттер үчүн жалпы негизди түзөт.

Анда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулуктагы, анын ичинде гендердик зомбулуктагы жана куугунтуктоодогу эл аралык деңгээлде таанылган биринчи аныктама берилген.

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо ар кандай формаларда пайда болот жана дене бойлук, психологиялык, сексуалдык жана экономикалык зыяндарга алып келет. Конвенция кабыл алынгандан кийин бул көйгөй COVID-19 пандемиясына  байланыштуу жаңы курч маселеге айланды. Ал жайылтылып жаткан учурда көптөгөн өлкөлөрдөн эмгек чөйрөсүндө, айрыкча аялдарга жана калктын аялуу топторунун мүчөлөрүнө карата зомбулуктун жана куугунтуктоонун ар кандай көрүнүштөрү тууралуу билдирүүлөр келип жатты.

Конвенция күчүнө киргендигине байланыштуу Эл аралык эмгек уюму аны ратификациялоо жана турмушка ашыруу боюнча бүткүл дүйнөлүк өнөктүктү баштоого ниеттенүүдө. Өнөктүктүн максаты — жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө конвенциянын маңызын, ошого арналган көйгөйлөрдү жана анда сунушталган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону жок кылуу жолдорун түшүндүрүү.

“Эмгек чөйрөсүнүн мыкты келечеги — зомбулукка жана куугунтукка орун жок келечек […]. Мен дүйнө мамлекеттерин ушул Конвенцияны ратификациялоого жана иш берүүчүлөр, кызматкерлер жана алардын уюмдары менен биргеликте анда кадыр-барк, коопсуздук жана ден-соолук жалпы дөөлөт болуучу эмгек чөйрөсүн курууга салым кошууга чакырам”. 

Гай Райдер, ЭЭУнун Башкы директору

“Эмгек чөйрөсүнүн мыкты келечеги — бул зомбулук менен куугунтуктоого орун калтырылбаган келечек”, — деп билдирди Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Гай Райдер өзүнүн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктүн башталышына карата кайрылуусунда. – “№190 Конвенция Эл аралык эмгек уюмунун бардык мүчө мамлекеттерин эмгек чөйрөсүндөгү зомбулуктун жана куугунтуктун бардык түрлөрүн түп-тамырынан бери жок кылууга үндөйт. Мен дүйнө мамлекеттерин ушул Конвенцияны ратификациялоону жана иш берүүчүлөр, кызматкерлер жана алардын уюмдары менен биргеликте анда кадыр-барк, коопсуздук жана ден-соолук жалпы дөөлөт болуучу эмгек чөйрөсүн курууга салым кошууну абдан сунуштайм”.

Өнөктүк ЭЭУ тарабынан жарыяланган 2021-жылдын 21-июнунан  25-июнуна чейин өтө турган № 190 Конвенцияны ратификациялоо үчүн иш-аракеттер жумалыгында ишке киришип баштайт.

Иш-аракеттер жумалыгынын максаты — дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн Конвенцияны ратификациялоого жана аны турмушка ашырууга болгон умтулууларын ырастоого чакыруу.

21-июндагы Иш-аракеттер жумалыгынын алкагында биринчи иш-чара жогорку деӊгээлдердеги пикир алмашуу болмокчу, ага ЭЭУнун Башкы директору, Аргентинанын жана Мадагаскардын эмгек министрлери, Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунун (ЭИУ), Кесиптик бирликтердин эл аралык конфедерациясынын (КБЭК),  Европа комиссиясынын жана Парламенттер аралык бирликтин өкүлдөрү катышат.

ЭЭУ иш-аракеттер жумалыгынын аягында үч тараптуу катышуучулар жана башка кызыкдар тараптар үчүн Конвенция менен сунуштарды жылдырууга жана ишке ашырууга арналган колдонмо чыгарат. Бул документте ушул тармактагы негиз болуучу принциптер жана эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону алдын алуу жана жок кылуу үчүн дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн иш-аракеттери, анын ичинде тиешелүү улуттук мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын жана саясий кадамдардын мисалдары келтирилет.

Региондор жана өлкөлөр: бүткүл дүйнө жүзү

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Клон" телесериалын унута элек болсоңуз тесттен өтүңүз

"Клон" телесериалын унута элек болсоңуз тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.