AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жыныстык жашоо башталганда "угрилер" кетип

Жыныстык жашоо башталганда «угрилер» кетип, белиң ичкерет деген чынбы?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Бетиме угрилер чыгып кетти.

— Күйөөгө тийгенден кийин өзү эле жоголот.

— Этек кирим келип, белим ооруп жатат.

— Күйөөгө тийгенден кийин оорубай калат.

— Төшүм кичинекей, бир аз чоңураак болсо жакшы болмок.

— Күйөөгө тийгенден кийин чоңоёт.

Кыздар мындай сөздү көп эле угушса керек. Жыныстык жашоо менен жашап баштагандан кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот? Чындап эле болобу? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ ге акушер-гинеколог Раушан Джумагулова айтып берди.

Жыныстык катнаш башталгандан кийин эмне өзгөрөт?

Мен силердин үмүтүңөрдү үзүп коюшум мүмкүн, бирок, жыныстык катнаш башталгандан кийин эч нерсе өзгөрбөйт. Ден соолугуң оңолуп, төшүң чоңоюп, белиң ичкерип, чачың коюланып, бетиңдеги «угрилер» кетип, туптунук болуп калат, — дегендин бары болбогон кеп.

Жыныстык жашоонун башталышы организм үчүн физиологиялык жана психологиялык жактан стресс болуп саналат. Кандай болбосун стресс гормоналдык бузууларга алып келет. Анын натыйжасында айрымдар кескин арыктаса, башкалары тескерисинче толуп кетиши мүмкүн.

Кыздык белги – табигый барьер

Кыздык белги – бул жаш организмди инфекциялардан коргоп турчу табигый тосмо. Жыныстык жашоо башталгандан кийин, ден соолукка өзгөчө кам көрүп, ар дайым гигиенаны сактап, жылуу жүрүү зарыл. Мисалы, медицинада жаңы “үйлөнгөндөрдүн цистити” (цистит новобрачных) деген термин бар. Бул оору менен көбүнчө турмушка жаңы чыккан келиндер жабыркашат, айрым учурларда эркектер дагы. Эгер убагында көрүнүп, дарыланбаса, цистит өнөкөт ооруга айланат.

Позитивдүү жагы

Жыныстык жашоо башталгандан кийинки өзгөрүүлөр, көбүн эсе психосоматикалык өзгөрүүлөр болот. Эгер жыныстык катнаш эки тараптын тең макулдугу менен, жагымдуу маанайда, жайдары өтсө, экөө тең бул процесстен ырахат алса, демек бардыгы жайында.

Эскертүү!!!

Бирок, кандайдыр бир көйгөйлөрүңөрдү (угриден арылуу, арыктоо же толуу) чечүү үчүн  эртелеп жыныстык жашоону баштоонун кереги жок. Секске макул болуудан мурун, төмөнкүлөр эсиңерде болсун:

  • Өнөкөт оорууга айланган жыныстык инфекциялардын көбүн адамдар өспүрүм курагында жугузушат. Себеби, ал тууралуу башкаларга айтуудан тартынышат жана дарыланууга каражаты жок.
  • Жаш организмдин физикалык жана акыл-эсинин жетилүүсү жайлайт. Себеби, жыныстык катнаш өтө көп энергияны алып коет.
  • Ошол эле себепке байланыштуу сабактагы жетишкендиктери төмөндөйт.
  • Кыздар үчүн эртелеп жыныстык жашоону баштоо, эркектер менен болгон мамиленин түбөлүккө бузулушуна алып келет. Себеби, биринчи жолку жыныстык катнаш жагымсыз жана жийиркеничтүү нерсе катары мээде калып калышы мүмкүн. Үй-бүлө курууда тоскоолдук жаратат.
  • Эртелеп жыныстык жашоону баштоо күтүлбөгөн кош бойлуулукка себепкер. Ал эми аборт же төрөт процесси аялдын организми үчүн укмуштуудай стресс, өзгөчө жаш кыздар үчүн.

Ден соолукта болгула!

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип

Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип, өмүр бою бапестеп өтөм дедим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.