AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жыныстык катнашка буларсыз барууга болбойт

Жыныстык катнашка буларсыз барууга болбойт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 3 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бүгүнкү күндө күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоочу ар кандай каражаттар бар. Аларды колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырып, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын алдын аласыз. Бүгүн биз сиздерге алардын айрымдарын айтып беребиз.

Эсиңизде болсун, колдоноордун алдында дарыгерден кеңеш алууну унутпаңыз.

Вы знаете их все? Восемь видов контрацептивов, которые рекомендуют врачи

  1. Спермициддер

Спермициддер – сперматозоиддин (эркектин уругу) жатынга кирип кетүүсүнө тоскоол болот. Ар кандай түрлөрү бар: аэрозол, шам, майлоочу ж.б. Жыныстык катнашка бараардан 2 – 3 саат мурун  (ар бир таңгакта так убакыты көрсөтүлгөн) кындын ичине киргизилет. Таасири бир жыныстык катнашка жетет. Кайталап кошулууда, кайрадан спермицид киргизүү керек.

Артыкчылыктары:

  • Гормондорго таасир этпейт.
  • Эмизип жаткан аялдар колдонсо болот.
  • Жыныс кынын нымдантырат.
  • Дезинфекциялык өзгөчөлүгү бар.

Кемчиликтери:

  • Жыныстык катнашты алдын ала пландоо керек.
  • Кээ бир спермициддерди колдонгондон кийин белгилүү бир убакытка чейин самынды жана гигиеналык башка каражаттарды колдонууга болбойт.
  • Терс таасирлери болушу мүмкүн: кычыштыруу, сезгенүү, кызаруу.
  • Башка каражаттарга салыштырмалуу натыйжалуулугу төмөн.

350-500 сом турат. Дарыканаларда сатылат.

Картинки по запросу презерватив

  1. Презервативдер

Коргонуу каражаттардын эн популярдуусу. Эркектер жана аялдар үчүн түрлөрү бар. Аялдардыкы техникалык жактан татаал болгондуктан, кеңири таркаган эмес.

Артыкчылыктары:

  • Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргойт.
  • Арзан жана жеткиликтүү.
  • Эч кандай каршы көрсөтмөсү жок.
  • Натыйжалуулугу жогорку даражада.

Кемчиликтери:

  • Кээ бир эркектердин сезимталдуулугун азайтат.
  • Жыныстык катнаш учурунда айрылып же жылмышып ылдый түшүп кетиши толук ыктымал.
  • Колдонууда кээ бир ыкмаларды талап кылат.

Түрүнө жараша 80 сомго чейин. Баасы сапатынан кабар берээрин айта кетели.

Картинки по запросу спираль

  1. Спираль

Спираль – бул пластика же металдан жасалган, аялдын жатынынын ичине коюлучу, бойго бүтүүдөн сактоочу каражат.

Артыкчылыктары:

  • Каалабаган кош бойлуулуктан узакка коргойт (спираль түрүнө жараша 3 жылдан 10 жылга чейинкилер болот).
  • Каалаган убакта алып койсо болот.
  • Жыныстык катнаш учурунда сезимталдыкка таасир бербейт.
  • Аялдын жалпы абалына эч кандай таасир тийгизбейт.
  • Күн сайын көзөмөлдөөгө муктаж эмес.
  • Башка дары-дармектерге таасир этпейт.

Кемчиликтери:

  • Эркек менен аялдын ден соолугу жакшы болсо, кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү 10-15% , бул 10-15% дын 50%ы жатын сыртынан бойго бүтүү.
  • Спиралдар бойдон алдыруу касиетине ээ, ошондуктан динге ишенген жана бойдон алдырууга каршы болгондорго болбойт.
  • Жаңы салдырганда бир айча ичтин төмөн жагы ооруйт.
  • Спиралдан улам этек кир күндөрүнүн узактыгы жана менструалдык кандын көлөмү көбөйүшү мүмкүн.
  • Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын албайт.
  • Өз алдынча салууга мүмкүн эмес.

Дарыгердин кызматын эске албаганда 150 сомдон 5000 сомго чейин.

Картинки по запросу Гормональные импланты

  1. Гормоналдык импланттар

Алар теринин астына тигилет. Мындай имплант прогестерон гормонун пайда кылат. Бул каалабаган кош бойлуулуктан  99%га коргоо кепилдигин берет.

Күн сайын кам көрүүгө муктаж эмес, бир жылда эки жолу гинеколокго барып текшертип коюу керек. Таасири орто эсеп менен алганда, 3 жылга чейин созулат.

Артыкчылыктары:

  • Үзгүлтүксүз дарылануунун кереги жок.
  • Айрым гинекологиялык ооруларга кабылуу коркунучу азаят (мастопатия, матка миомасы, эндометриоз).
  • Спирт ичимдиктерин ичүү же тамекини чегүү импланттын натыйжалуулугуна таасир этпейт.

Кемчиликтери:

  • Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргобойт.
  • Имплант гормондорго таасир эткендигине байланыштуу этек кир циклин бузушу мүмкүн.
  • Либидо (сексуалдык каалоо) төмөндөшү же дене салмагы өзгөрүшү мүмкүн.
  • Бала эмизүү учурунда колдонууга мүмкүн эмес.
  • Өз алдынча колдоно албайсыз.

Биздин дарыканаларда жок, Москвага буйрутма бериш керек. Болжолдуу баасы 3000 сом.

Картинки по запросу Гормональные уколы

  1. Гормоналдык ийне

Гормон сайынуунун таасири 8 — 13 жумага (так мөөнөтүн билүү үчүн дарыгерге кайрылгыла) чейин созулат. Бир жылда 4 жолу сайдырса болот, башкача айтканда үч айда бир. Ийне алып жатканда  аял жылына кеминде эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш.

Артыкчылыктары:

  • Ийненин таасири 8 -13 жумага чейин жетет.
  • Гормондук препараттарды кабыл ала албай тургандарга ылайыктуу.
  • Аз кандуулукка жардам берет.
  • Башка дары-дармектерге эч кандай терс таасири жок.

Кемчиликтери:

  • Этек кир циклинин бузулуусу.
  • Ашыкча салмак кошуу.
  • Сөөктөрдүн ичкеришине алып келет.
  • Репродуктивдик ден-соолукту толук калыбына келтирүү үчүн бир жылга жакын убакыт керек.
  • Либидого таасир этиши мүмкүн.
  • Аял жок дегенде жылына эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүшү керек.
  • Баш айланып, дене кызарып, маанай өзгөрүшү мүмкүн.

Гормоналдык ийнени мамлекеттик бейтапканалардан акысыз, жеке менчик клиникалардан болжол менен 100-150 сомго алса болот.

Картинки по запросу Оральные контрацептивы

  1. Оралдык коргонуу каражаттары

Үч түргө бөлүнөт: бириккен, гестагендик жана поскаиттик. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кайсынысын жазып берсе, ошону гана ичүү керек. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардан аял семирип же эмчек рагына чалдыгат деген болбогон бир жомок.

Артыкчылыктары:

  • Кээ бир оралдык каражаттар безеткиден арылтат.
  • Булар менен этек кирди пландоо оңой.
  • Денедеги түктөрдүн өсүүсүн жайлатат.
  • Менструалдык цикл маалындагы ооруксунууну басаңдатат.

Кемчиликтери:

  • Ашыкча салмактагы, диабети бар жана чылым тарткан айымдарга болбойт.
  • Жүрөк, кан тамыр жана боор ооруларынын коркунучун жогорулатат.
  • Кыжырдануу, уйкучулук, баш айлануу, маанайдын бат алмашуусу менен коштолушу мүмкүн.
  • Либидо төмөндөйт.

Мындай таблеткалардын бир курсу 200 – 1000 сомго чейин болот.

Картинки по запросу Перевязка маточных труб

  1. Матка түтүкчөлөрүн таңуу

Матка түтүкчөлөрун таңып коюу – түтүкчөнүн кичинекей бөлүгүн алып салган операция. Бул коргонуу каражаты – калыбына келгис болуп саналат. Эркектер үчүн дагы ушундай ыкма бар – урук каналдарын кесип коюу. Бул методду колдонгон адамдар гормоналдык жактан эч нерсе болбойт. Мындайча айтканда аялдар кош бойлуу боло албайт, эркектер аялдарды кош бойлуу кыла албайт.

Артыкчылыктары:

  • 100% коргоочу каражат.
  • Гормондорго эч кандай таасир бербейт.

Кемчиликтери:

  • Операциядан кийин кан агуу сыяктуу сезгенүү болушу мүмкүн.
  • Калыбына келгис тукумсуздук.
  • Анестезия кылуу муктаждыгы бар.

Мамлекеттик бейтапканаларда 2000 сомдун тегереги, жеке менчик бейтапканаларда 20 000 сомдон жогору.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Контрактын чегин жоготуп алдым

Контрактын чегин жоготуп алдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.