AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жыныс мүчөнүн сайышып

Жыныс мүчөнүн сайышып, ачышып, тартышып оорусунун себептери

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Эмне себептен жыныс мүчө сайышып, тартышып же ачышып ооруйт экенин билгиңиз келеби? Анда эмесе, кеңири таралган 6 оорунун пайда болуу  себептерин урологдор түшүндүрүп берет. 

1. Эмне себептен калтанын үстү ооруйт?

Болот Рысбаев, уролог

Бул эпидидимис инфекциясы козгогон — эпидидимит оорусу болушу мүмкүн. 

Эркектин жумуртка безинин үстүндө кичинекей бир без болот. Аны “эпидидимис” деп коет. Эң сапаттуу уруктар ушул жерден чыгат. Эпидидимит – бул ошол бездин сезгениши. Убагында дарыласа, толугу менен сакайып кетет.

 

2. Эмне себептен жумурткалар ооруйт?

 

Нурбек Монолов, уролог

Жыныстык жумурткалардын оорусуна себептер көп. Мисалы, варикоцел, гидроцеле, орхит, эпидидимит, бруцеллез, шишик, өнөкөт жамбаш оорусу, кандайдыр бир жаракат жана ыңгайсыз шым же ич кийим. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл.

3. Эмне себептен заара ушатып жатканда жыныс мүчөнүн учу ачышат?

Нурбек Монолов, уролог

Гигиенанын туура эмес сакталышынан улам заара чыгаруучу түтүккө инфекция кирип кетиши мүмкүн. Инфекция жыныстык кошулууда сактануу болбосо да жугат. Заара бөлүп чыгаруудагы ооруларды дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Ошондой эле туубаса оорунун белгиси болушу да ыктымал. Ооруну күчөтпөй же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарыланууну сунуш кылынат.

Болот Рысбаев, уролог

Заара ушатканда ачышып кыйнаса — сийдик каналдарына, табарсыкка, простата безине суук тийген болушу мүмкүн. Бул учурда тезинен урологго көрүнүү сунушталат.

4. Эмне себептен жумуртка муздап, тартышып ооруйт?

Канат Казымбеков, уролог

Бул простатит оорусу. Белгилери — жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт, бат-баттан заара кылат, каналдын ичи ачышат же табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт. Простатитти убагында дарылабаса жыныс алсыздыгына алып келет.

Нурлан Эгетаев, уролог

Жыныс мүчөнүн муздап калышы простатит оорусунун белгилери. Эгер бейтап мүчөсү муздап калганын байкаса, дароо дарыгерге кайрылуусу кажет.

5. Эмне себептен жыныс мүчөнүн тамырлары кеңейип, сыртка чыгып калат?

Мирлан Айбашов, уролог-андролог

Эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши бул — варикоцеле оорусу.  Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот.

  1. Сыртынан караганда  байкалбайт.
  2. Эрекция учурунда гана билинет.
  3. Жөн турганда да, эрекция учурунда да билинет.

Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.

6. Эмне себептен жыныс мүчө сайышып ооруйт?

Азат Бейшенов, уролог

Бул жерден “Отургузулганбы?” деген суроо берилет.  Жооп “жок” болсо, демек, башкы себеп ошондо. Ырымдалбаган же жакшы ырымдатылбаган (жөн гана бычак тийгизип же тилип койгондо) эркек балдардын жыныстык мүчөсүнүн учуна смегма (туз) чогулуп калат. Ал заара ушатканга тоскоол болуп, оорутат жана ачыштырат. Убакыттын өтүшү менен катып, ташка айланат. Ал эми жооп «ооба» болсо, себеби башкада. Анализдин жыйынтыктары чыккандан кийин гана так диагноз коюлат.

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Курсактагы бала качан кыймылдап баштайт? Бул тууралуу 8 факт

Курсактагы бала качан кыймылдап баштайт? Бул тууралуу 8 факт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.