AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жыныс мүчөнү операция жолу менен чоңойтсо болобу? Уролог жооп берет

Жыныс мүчөнү операция жолу менен чоңойтсо болобу? Уролог жооп берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Окурмандардын суроолоруна Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун дарыгери Канатбек Казымбеков жооп берди.

Гипаспадия деген кандай оору? Аны менен ооруган адам кийин балалуу боло алабы?

Гипаспадия — заара түтүкчөсүнүн тубаса аномалиясы. Ар кандай себептерден улам пайда болот. Мисалы, кош бойлуу эне инфекциялык оорулар менен ооруса, дарыларды көп колдонсо, токсиндер чыккан шартта иштесе курсактагы балага терс таасири тиет. Убагында дарыласа балалуу болууга 100 пайыз мүмкүнчүлүк бар.

Простатиттин белгилери кандай жана аны үй шартында дарыласа болобу?

Простатит — 25-30 жаштан 45-50 жашка чейинки эркектердин жыныс безинин сезгениши. Өздүк гигиенаны сактабаса инфекциялар заара түтүкчөсүнүн каналында калып калат. Кийин суук тийгенде же кандайдыр бир себептерден улам оору күчөп простатитке айланат.

Белгилери — жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт, бат-баттан заара кылат, каналдын ичи ачышат же табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт. Простатитти убагында дарылабаса жыныс алсыздыгына алып келет.

Жыныс безинин чукул сезгенишинен улам пайда болгон курч простатитте консервативдик жана операциялык ыкмалар, тубаса простатитте антибиотиктер, ийнелер жана физикалык дарылоо колдонулат. 

Ооруну алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо керек. Өз алдынча дарыланууга тыюу салынат. Белгилери байкалса дароо урологго кайрылгыла.

Жыныстык катнашка жөндөмсүз болуп калдым. Бул простатитпи же аденомабы?

Простатит же аденома деп айтуу эрте. Жыныс алсыздыгы психикадан, гормондордон, нервден улам болушу мүмкүн. Текшерүүдөн кийин гана себеби билинет. Урологго же сексапатологго кайрылыңыз.

22 жаштамын. Жыныс мүчөм кичинекей. Кандай жолдор менен чоңойтсом болот? Тааныштарым пластикалык операцияны сунушташты.

Жыныс мүчөнү чоңойтуу ыкмаларынын баары туура эмес. Гелдер, дарылар, маздар же башка каражаттардын эч кандай пайдасы жок. Төрөлгөндө кандай болсо, ошондой калтырып коюу керек. Операция менен узартса, кийин мүчөнүн бурчу туура эмес болуп калышы мүмкүн.

22 жаштамын. Жыныс мүчөм  эрекция учурунда 10 см. Бул нормалдуубу?

10 см патология эмес. Эрекция учурунда 6-8 см болсо, «кичинекей мүчө» деп текшерүүгө алабыз. Сиз урологго кайрылып, гормондорду текшертип, анализ тапшырып коюңуз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Учкуч болгум келет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.