Жыныс мүчөң кычышса тырмаба!
Жыныс мүчө ар кандай себептерден улам кычышат. Бүгүн силерге алар жөнүндө айтып берем.
Жыныс мүчөгө ар кандай инфекциялар кирип кетсе кычышат:
- Глисталык инвазия
- Кандидоз грибогу
- Молочница
- Жыныстык жактан жукчу оорулар
- Геморрой.
Ошол эле учурда пайда болушу мүмкүн:
- Стресстен
- Аллергиядан
- Гормоналдык бузулуудан
- Онкологиялык оорулардан
- Кант диабетинен
- Антибиотик колдонгондо
- Иммунитет түшүп кетсе ж.б.
Инфекция жыныс мүчөгө киргенден кийин — сезгенүү процесси башталат (суюктук бөлүнүп чыгат).
Жыныс мүчө кычышса эмне кылуу керек?
Жыныс мүчөң ачышып, заара ушатканда оорутуп жатабы? Жыныс мүчөңдүн эринчелери шишип, бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыктыбы? Тезинен гинекологго чурка!
Жыныс мүчө көбүнчө кечке маал же түнкүсүн кычышат.
Тырмап коюп жүрө берсең төмөнкү ооруларга алып келиши мүмкүн:
- вульвит
- кандидоз
- сальпингоофорит
- эндометриоз
- тукумсуздук.
Тыюу салынат:
- Өз алдынча дарыланууга
- Дос, туугандардын кеңешин угууга
- Дарыкананын сатуучусу сунуштаган дарыларды колдонууга.
Өз алдынча дарылануу эч кандай жыйынтык бербейт!
Дарылануу учурунда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- Таттуу, ачуу, туздуу тамактардан алыс болуу.
- Жыныстык катнашты чектөө.
- Синтетиалык ич кийимдерди кийбөө.
- Жеке гигенаны сактоо.
- Ромашка же башка чөптөр менен жыныс мүчөнү чайкоо.
- Бутту жылуу кармоо.
- Нерв болбоо.
Кычышууну тажрыйбалуу гинеколог гана дарылай алат!







