Бизнесвумен Жылдыз Караталова түз эфирибизде конокто болуп, ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.
Ишкер айым баарынан маанилүүсү бүгүнкү күн дейт.
— Бизнести эртең эмес, бүгүн баштоо зарыл. Убактысы келсин деген абдан чоң жаңылыштык.
Бизнесмен үчүн биринчи орунда пландоо экенин айтты.
— План түзбөй жашаган адам, башкаруусу жок кеме сыяктуу. План – жашообуздун компасы!
Жылдыз Караталова айтмакчы бизнес баштоо үчүн акча эмес, ишеним керек.
— Алдыга койгон максат жете албагандай бийик болсун. Мисалы, эртең менен саат 8-9дарда туруп көнүп калгансыз. Эми 30 күн таңкы 5те ойгоном деп талап коюңуз. Ага жеткенде өзүңүздү ишенимдүү сезип, андан да чоңураак максаттарга умтула баштайсыз.







