AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жумушун экинчи орунга койгондон кийин жашоосу өзгөргөн адамдан 5 кеңеш

Жумушун экинчи орунга койгондон кийин жашоосу өзгөргөн адамдан 5 кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түнкү саат эки. Кесиптештерим үйүндө, жыргап уктап жатышат. А мен офисте. Сыртта кароолчу мени качан кетет экен деп күтүп, жаман көрүп отурат. Жанымда толтура документ. Буларды бүтүп алып кетсем, эртең шеф мактайт деген эле ой. Бирок, башкаларга деле ушул тапшырма берилген, бирок алар жумушу бүтөрү менен үйүнө кетип калышты. Мен «точно» бир нерсени туура эмес кылып жатам. 

Кыялданган кызматтан баш тарттым

Эртең менен жумушка келсем шеф чакырды. «Арызыңды жаз, жаңы кызматка дайындаласың.» Докладдар, командировкалар, проекттер, отчеттор… Акыры тытынып жүрүп кыялданган кызматыма жеттим. Бирок, мен эмнегедир бактысыз элем. Бул деген эки эсе жумуш, эки эсе уйкусуз күндөр, жумушта жашоо дегенди билдирет. Үй-бүлөмдүн жүзун унута баштадым. Арыз жаздым. Кызматтан бошотуу тууралуу болду. 

Жумуш деген арабадан секирип түштүм

Бул жылым кантип өткөнүн билбедим. Чуркап, тынчсызданып эле жүрдүм. Отчет, дедлайн, проект, кайра командировка, шефтен уруш укмай… Түндө уктай албай калдым. Коркунучтуу түштөр кирет, чочуп ойгоном, тердеп турам. Кебетем эбак келишкен. Эс алуу дегенди унутуп койгонума көп болду. Тынч отуруп тамак деле жебейм. Стоп! Жумуш деген арабадан секирип түштүм. 

Бир ай уктадым

Бир ай! Бир ай! Бир ай уктадым. Турам, тамак ичем, уктайм. Ушундай чарчаптырмын. Телефон деген балээни ары түртүп салдым. Ал жакта «жумушка кайтып кел» деген шефтин толтура смстери. Жок, барбайм. Мен өзүмдү анализдешим керек. Мени бактылуу кылган жумуш табышым керек. Акча? Жок, рахмат, акча кереги жок. Мен бактылуу жашагым келет. Мен терең дем алгым келет. 

Тизме түздүм

Колумдан эмне келет? Баарын тизмектеп чыктым. Көрсө, мен кыйын эле адам турбаймынбы. Өзүмдү башкаларга тебелетип жүрүпмүн. Резюмемди кайрадан жаздым. Аны сайтка жүктөп, спорт зал менен вокалга жазылдым. Мен биринчи орунга  өзүмдү койгонду үйрөндүм. Жумуш чыкты. Жарым күн эле иштейм. Элестеткиле, жарым күн. Калган убакытта сейилдейм, айланага көз чаптырам, үй-бүлөм менен болом. Мен жашайм! Мен токтогонду үйрөндүм, өзүмдү уга баштадым. 

Жумушсуз калгандан коркпойм, уялбайм

Воркизм — адам жашоосунун маңызын баарын жумушунан гана көрөт, убактысынын баарын жумушта гана өткөрөт, жумушунан башка эч нерсеси жок. Көбүнчө, бул чарчоо жана ден соолук көйгөйлөрүнө алып келет, анткени жумуш өзүнө күнү-түнү мамиле талап кылынат. 

Мен азыр чымчыктардын сайраганын угуп, алсытагы тоону көрүп, майда нерселерге суктана баштадым. Жумуш бүтпөйт экен, а жшоо менен ден соолук түгөнөт экен. Жумушу жок калуудан уялбагыла, жашабай калуудан уялгыла. Жумушу жок калуудан коркпогула, бир келген өмүрүңөрдү, жактырбаган жумушта өткөрүүдөн корккула. 

А сизге бул абал таанышпы?

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
БАД ичерден мурун бул нерселерди билип алыңыз

БАД ичерден мурун бул нерселерди билип алыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.