AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жумушка орношууга тоскоол боло турчу социалдык тармактагы 5 ката

Жумушка орношууга тоскоол боло турчу социалдык тармактагы 5 ката

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жумуш берүүчүлөр 84% жумуш издөөчүлөрдүн социалдык тармактардагы баракчаларын текшергендиги, ал эми 72% потенциалдуу кызматкерлерден, алардын аккаунттарын текшергенден кийин, баш тартышаарын HeadHunter изилдөө кызматы аныктады. Дагы 42% жумуш берүүчүлөр социалдык тармактардагы кызматкерлердин жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө аракет кылышат, ал эми 8% учурда интернеттеги орунсуз жүрүм-турум жумуштан бошотууга алып келген. Бирок бул тажрыйба Кыргызстанда канчалык кеңири жайылган?

Биз жумушка орноштуруучу, мансап боюнча кеңешчи жана Make Nova рекрутинг агенттигинин негиздөөчүсү Алина Макенова менен маектештик. 3 жыл ичинде ал 5000ден ашуун маектешүү жүргүзүп, социалдык тармактардагы кандай катачылыктар үчүн жумушка орноштуруучулар резюмелерди таштанды челекке салышып жаткандыгын билет. Жакынкы күнү ал ishtapp мобилдик тиркемеси тарабынан уюштурулган мастер-класста эксперт катары катышып, жумуш ордун сактап калууну каалагандарга пайдалуу кеңештерин берди.

Каталардын тизмеси:

  1. Жумуш берүүчүлөр жөнүндө терс билдирүүлөр

Эгерде адам өзүнүн мурунку жана азыркы жумуш берүүчүлөрү жөнүндө терс сүйлөсө, бул аны терс көрүнүштө мүнөздөп турат. Компанияда иштегенде ал жөнүндө гана эмес, анын кардарлары жана өнөктөштөрү жөнүндө да жаман сөз айтпоо керек. Анткени сиздин сөздөрүңүздү компанияңыздын позициясы деп эсептесе болот жана бул жумуш берүүчүгө имидж көйгөйүн жаратышы мүмкүн. Дал ушул учур, үйдө болгон маселени башкаларга айтып бергендей, көйгөй чындыгында эле бар болсо дагы – башкаларга айтуу туура эмес чечим.

Алина: «Биз адамды административдик менеджердин кызмат ордуна сунуштабаган учур болгон. Буга анын Twitter баракчасы жумуш берүүчүгө болгон жек көрүү сезимдери жөнүндөгү жарыяларга толгону себеп болгон. Эгерде адам жумушуна нааразы болсо, суроо жаралат – эмне үчүн ал кетип калбайт? Анын өзүнө ылайык келбеген жерде калганы, иштеген жерине караганда, өзүн көбүрөөк мүнөздөйт».

  1. Талаш-тартыштарга активдүү катышуу

Интернеттеги жана башка талаш-тартыштар – бул убакытты бош өткөргөндүн популярдуу бир түрү, сиз өз оюңузду билдирүүгө, албетте, укуктуусуз. Бирок чуулгандуу иш-чараларга, айрыкча жумуш убактысында активдүү катышуу сизди мыкты жагынан көрсөтпөйт. Сиз чыр-чатактуу, байланышууга жана мамиле түзүүгө кыйын келген адамдай көрүнүп калышыңыз мүмкүн. Бонус катары сиз оппоненттериңиздин арасынан каршылаштарды топтойсуз, бир күнү алардын бири сиз менен жумуш боюнча аңгемелешүү учурунда столдун экинчи жагында отурушу мүмкүн.

Алина: «Биз канчалык деңгээлде кыйын кесиптик көндүмдөрдү эске албасак дагы, адамдар адамдарды издешет. Бизде бир компанияга аткаруучу директорду тандоо учуру болгон. Талапкердин социалдык тармактары бүдөмүк болуп, башка колдонуучуларга карата бир топ негативдер болгон. Талапкердин кесиптештеринин пикирин уксам, алар аны менен иштешүү өтө кыйын экендигин айтышты. Биз аны жумуш берүүчүгө сунуш кылган жокпуз».

  1. Спирт ичимдиктери жөнүндөгү контентти көп жарыялоо

Эс алуу, анын ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичүү – көпчүлүктүн жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Бирок ар дайым социалдык тармактарга деталдуу фото-отчетторду жүктөп, же жазылуучуларыңызга канчалык деңгээлде өзүнүздү жаман сезип тургаңызды айтып туруу керекпи? Социалдык тармактарда тигил же бул контентти жайгаштыруу менен, өзүңүздүн абройуңузду куруп жатканыңызды унутпаңыз. Өлчөмдү жана сылыктыкты билбеген адамды өзүңүз чыкырат белеңиз?

Алина: «25-30 жаштан кийин зат алмашуу мурдагыдай эмес экендигин унутпаш керек. Эгерде сиз кечинде ичсеңиз, анда эртеси сиз эч нерсени кылганга жарабайсыз. А бул болсо иштин натыйжалуулугуна жана өндүрүмдүүлүгүнө чоң таасир этет. Ар бир жумуш берүүчү, бир нече күн сайын кызматкерлеринин баш ооруларына көз жумбай, ден-соолугу чың жана активдүүлөрдү өз командасында көргүсү келет».

  1. Социалдык тармактардын жоктугу

Эгер адамдын социалдык тармактарда баракчалары жок болсо, бул кичине коркунучтуу сезилет. Социалдык тармактар ​​сиздин образыңызды сүрөттөйт. Көбүнчө, санарип портрет аркылуу рекрутерлер адамдын кругозорун, коомдук чөйрөсүн жана кызыкчылыктарын талдайт. Сиз өзүңүздүн аккаунттарыңыз менен анча активдүү иштебешиңиз мүмкүн, бирок компанияларга жок дегенде бир аз маалымат керек.

Алина: «PR, SMM, HR, дизайн, копирайтинг жана башка көптөгөн адистер үчүн талапкердин аккаунту – анын портфолиосу болуп саналат, ага биринчи кезекте көңүл бурулат. Эгерде адам копирайтерлик кызматка талапкерлигин койсо, ошол эле учурда анын постторунда каталар болсо, бул олуттуу белги. Балким, ал аны кантип туура жасоону билиши мүмкүн, бирок ал жөн эле буга анча маани бербейт – демек, бул анын тактыгы жана жалпы эле кесипкөйлүктүн деңгээли жөнүндө айтат».

  1. Даттануулар

Көп учурда кээде убакытты туура эмес башкаргандыктан, кээде жумуштагы чоң көлөмдөгү иштерден улам – ашыкча иштөөгө туура келет. Көбүнчө социалдык тармактарда эмгек акынын пропорционалдуулугун талкуулону же адам эч нерсе кылууга убактысы жок болуп, мисалы, дем алыш күндөрү иштөөгө мажбур болуп жаткан нааразычылыктарды угууга болот. Бул кызматкерге дагы, анын жумуш берүүчүсүнө дагы түшүнүксүз мамилени жаратат жана экөөнүн тең имидждерине шек келтирет.

Алина: «Өзүңүздүн абройуңузду гана эмес, компаниянын абройун да баалоо маанилүү. Тил алчаак болгонуңуз үчүн эмес, иштеген жериңизди сыйлаганыңыз жана жумуш ордуңузду баалаганыңыз үчүн. Адам мезгил-мезгили менен жумушунун көптүгүнө нааразы болгондо, анын энергиясы калбай калгандыгынын түздөн-түз белгиси болуп саналат. Эң чечүүчү учурда мындай адам ишти акырына чыгарбай коюушу мүмкүн. Мен жасалма болууга чакырган жокмун. Бирок сиздин жарыялаган бардык нерсеңизди элдин эсинде калаарын унутпоо керек».

 

Материал жасалма интеллектке негизделген жумуш табуу үчүн – ishtapp мобилдик тиркеменин ишке киргизүүнүн алкагында даярдалды. ishtapp Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨПтүн «COVID-19га болгон инклюзивдүү жана көп тармактуу көңүл буруу жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кесепеттерин чечүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Иштеп чыгуучу кыргызстандык Ulut Soft Llc компаниясы болду.

Тиркемени жүктөө:

➔      Google Play Market (Android) https://play.google.com/store/apps/details?id=ulut.kg.ishapp

➔      App Gallery (Harmony) https://appgallery.huawei.com/#/app/C104077717 

➔      App Store (iOS) https://apps.apple.com/kg/app/ishtapp/id1561101479

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
10дон 100гө чейин санап

10дон 100гө чейин санап, 9 канча жолу кезигерин табыңыз. Кызыктуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.