
Жумушка орнотуучу агенттикке 300$ бергем. Бир айдан өтүп калды, виза келсин деп ар кайсы шылтоону айтып жүрүшөт. Башка компаниялар кетирип бүтүптүр. Буларда дайыма көгөй жаралат, акчаңды алып ал деп жатышат. Элчилик болсо, иштегенге кетесиңер, бирок акчаңарды актабайт дейт.
Акчамды кайрып бергиле десем, визага тапшырып койгонбуз, бере албайбыз деди. Менимче булар бизди алдап жүрөт. Акчамды кантип кайрып алсам болот? Күткөндөн тажадым, вотсаптан жазышкандарыбыз бар.






